Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 277

Айтылып кетти өзү эле...

 

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумдарга барбай мыйзамдарды сыйлабастыгын жана мыйзамдарга баш ийбестигин көрсөтүүдө. Мындай пикирин КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

 

“Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен мыйзамдарды таптакыр сыйлабастыгын көрсөттү. Негизи мыйзам боюнча чакырганда келбесе, аны катыштырбай эле сот процессин жүргүзүп, ишти карай берсе болот. Азыркы мыйзам буга толук мүмкүнчүлүк берет. Атамбаев ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан соттордун 90 пайызын өзү дайындаган”,-дейт Чолпонбаев.

 

Ал ошондой эле, Азиз Батукаевдин чоң кылмышкер экендигин жана анын бошотулуусуна тиешеси барлардын баары мыйзам алдында жазасын алуусу керектигин белгиледи.

 

Мындан сырткары, “Батукаев маселесинде саясий боёк бар дегенге ишенбейм”,- деди. Бүгүнкү күндө Батукаевдин бошотулуусу боюнча иш мыйзам чегинде каралып жаткандыгын жана бул маселе аягына чыгарына ишенерин белгиледи.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити