Т. Бирназаров: “Мыйзамда мажбурлап алып келүү” деген берене жок
- Атамбаев сотко келүүдөн караманча баш тартып жатат. Экс-президенттин бул позициясын колдосо болобу? Камактагы экс-ажонун “мени сотко күчтөп алып келсе, ачкачылык жарыялайм” дегени, анын артынан адвокатынын: “бул анын ден-соолугу үчүн коопттуу, тамак жебесе кийинкиси жаман болот”- деп жарыялагыны жогору жакка сес көрсөтүүбү же өз укугун коргообу?
- “Мыйзамда мажбурлап алып келүү” деген берене жок дейт, бирок, “мажбурлап алып келүү мыйзамга каршы келет, кылмышка шектүү адамдын укугу бузулат”- деген нерсе да мыйзамда жок. Ошондуктан, Атамбаевди мажбурлап эле алып келишет. Башка эч кандай жол жок. Болбосо башка кылмышка шектүү адамдар үчүн, Атамбаевдин кылыгы көрсөтмө болуп калат. Бул жерде Атамбаевдин эч кандай укугу бузулган жок. Бул жоопкерчиликтен качуу, шантаждын дагы бир ыкмасы десек болот.
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити