Г. Исаков: “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса”...
- Атамбаев сотко келүүдөн караманча баш тартып жатат. Экс-президенттин бул позициясын колдосо болобу? Камактагы экс-ажонун “мени сотко күчтөп алып келсе, ачкачылык жарыялайм” дегени, анын артынан адвокатынын: “бул анын ден-соолугу үчүн коопттуу, тамак жебесе кийинкиси жаман болот”- деп жарыялагыны жогору жакка сес көрсөтүүбү же өз укугун коргообу?
-“Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса”- демекчи, биздин соттор желим сыяктуу - каалаган жакка чоюла берет. Бу сапар да соттордун натурасын Атамбаевден мыкты билген киши болбосо керек. Билгени үчүн ушундай чарага барып жатса керек. “Боржоми ичкенге” кичине кечирээк болуп калды окшойт. Бирок, коомчулук мындан сабак алуусу керек. Бул дагы бир көрсөткүч!
Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. Kg” гезити