Кыргызстанда алгачкы жолу эки миңден ашуун окурманды камтыган китеп фестивалын Жалал-Абад жаштары уюму уюштурууда.
Мындай иш-чаралар буга дейре “Китепкөй өлкө”, “Бир адамдан - бир китеп”, “Китепкөй Ала-Тоо” долбоорлорунун алкагында өлкөбүздүн бардык эле аймактарында уюштурулуп келген. Ал эми бул сапар Жалал-Абадда өткөрүлүүчү фестиваль катышуучулардын санынын арбындыгы менен айырманалат. Бул тууралуу иш-чараны уюштургандар өздөрү маалымдашты.
“Китепкөй Жалал-Абад фестивалы” 18-октябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда өткөрүлөт. Иш-чарага маданият жана маалымат, туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идрис Айитбаев, жеке ишкер Түгөлбай Сейдалиев өңдөнгөн сыйлуу конок катары катышышат. Ата-энелерге, мугалимдерге жана жалпы жаштарга арналган түрдүү темадагы тренингдер, китеп жармаңкеси, оюн-зооктор жана ыр-бий менен коштолот.
“Китепкөй Жалал-Абад фестивалына” кирүү акысыз. Болгону ар бир адам өзү менен кошо бир китеп, же бир окурман ээрчите келүүсү милдеттендирилген.
Булак: “Майдан. kg” гезити