Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйын башка мөөнөткө жылдырылды.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын журналисттерге берген маалыматы боюнча, соттук жыйындын жылдырылышына айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук процесске келүүдөн баш тартканы себеп болду.
Сотко мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да келишти. Салянова бул иш боюнча тергөөгө буга чейин айтып келген эле маалыматтарды айтып бергенин билдирди. Ал эми Жолдубаева журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Сергей Слесаревдин айтымында, бул иштин алкагында төрт адам айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Тергөө менен кызматташууга баргандардын арасында мурдагы башкы прокурорлор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов жана бир катар дарыгерлер бар.
Мурда ИИМге суракка келүүдөн үч ирет баш тарткан Атамбаев акыры күч менен кармалды эле. Эми абактагы ага сот кандай чара колдонор экен?
Булак: “Майдан. кg” гезити