Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 210

Баурдастарда эмне талкуу?

 

Назарбаев эмнеге кеткен?

 

Казакстандын айрым эркин маалымат каражаттарында  “Элбашы” менен анын мураскору болгон, аракеттеги мамлекет башчысы Касым-Жоомарт Токоевдин ортосундагы мамилелер кызуу талкууланууда. Алардын бир бөлүгүн биздеги ЖМКлар да которуп же которбой чыгарып, өздөрүнүн ойлорун, пикирлерин, мындан аркы келечек жөнүндө божомолдорун айтышууда. Алардын канчасы чындыкка жакын, канчасы божомол-түкшүмөл, канчасы “ушундай болсо экен” деген каалоолор, канчасы айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын буйрутмаларынан жаралгандар экендигин бир кудай, анан Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жоомарт Токоев экөөсү гана билет, булар жөнүндө ойлорубузду төмөндө айтабыз, мында, биринчи кезекте, “эмне үчүн Назарбаев өз ыктыяры менен президенттиктен кетип, бирок негизги функцияларды  өзүнө калтырды?”- деген суроого токтолушубуз керек.

 

Элбашынын ден-соолугу өзүнөн кыйла жаш айрым мамлекет башчыларыныкынан жакшы экендиги азыр деле байкалып турат. Ачык эле айтсак, Эмомалы Рахмон менен Ангела Меркелдикинен кыйла эле жакшы. Бирок, ал эмне үчүн мамлекетти күндөлүк оперативдүү башкарууну Токаевге калтырып, өзүнө башкы командачы, коргоо Кеңешинин төрагасы, “Нур-Отан” партиясынын төрагасы деген сыяктуу кызматтарды, “Элбашы” жөнүндө мыйзамда белгиленгендерди калтырып, мамлекетти көшөгөнүн артында туруп башкарууну артык көрдү?

 

Эгерде чындап эле мамлекетти башкаруудан чарчаса, жадаса бир президенттик кызматты гана эмес, калган ыйгарымдарын да толугу менен өткөрүп берип, Б.Ельциндей биротоло эс алууга кетмек. Же ал Кытайдын жетекчилери мураскорлоруна биринчи жылы Республиканын төрагалыгын, анан КПК БКнын Башкы катчылыгын, анан башкы командачылыкты өткөргөндөй, мураскорун дароо аптыктырып жибербестен, бийликти бөлүп-бөлүп, акырындап өткөрүп бергиси келип жатабы?

 

Неге ал негизги ыйгарымдарды өзүнө калтырган?

 

Биздин болжолубузда андай эмес. Назарбаев башкы командачылык менен Төрагалыкты өлмөйүнчө же президенттикке өзү толук ишенген бирөө келмейинче өткөрбөйт. Эмне үчүн?

 

Аны Евразия континентинде, биринчи кезекте Евразиялык экономикалык биримдикте  түзүлгөн кырдаал, ачыкка чыкпаган менен күндөн күнгө Россия менен татаалдашып бараткан мамилелер ушундай кадамга барууга мажбурлады. Анткени, ЕврАзЭСтин түпкү максаты - экономикалык биримдик эмес, бирдиктүү валюталык мейкиндикти түзүп, аны андан ары саясый жактан бекемдөө экендиги эч кимге жашыруун эмес. Россия ачыктан ачык андай демилге менен чыкса, аны “мурдагы Союзду калыбына келтиргени жатат, гегемон болгусу келет” деп ж.б. бокочолор менен айыптай башташат. Идея өзүнүкү болгон менен  ага биримдиктеги башка өлкөлөрдүн бири ошондой демилге менен чыкканы пайдалуу. Кремль андай демилгенин жарчысы жана катализатору “Элбашыны” кылгысы келди эле, ал ага көнбөдү, тескерисинче, ага таптакыр макул эместигин билгизип, Казакстан акырындап кириллицадан латын тамгасына өтө турганын жарыялады. Ал - келечегин Россия менен бирге карабай тургандыгын, бай тарыхтагы көп попутчик элдердин бири катарында гана эсептей тургандыгын билдирет.

 

Эгерде ал дагы кыйыктанып же тымызын демарштарды жасай берсе, Кремлдин да бир күнү ачуусу келип, контрчараларды көрмөк. Кремлде кимди болбосун тез эле эсине келтирип коё турган таасирдүү рычагдар абдан көп. Куулугу, аярлыгы жагынан эч кимди алдына салбаган Элбашы абалды ага жеткизбестен, тизгинди өзү бекем кармаган менен убактылуу “чылбырды” Токаевге карматып, аны буфер кылып турууну туура көрдү.

 

Кремль Токаевге да андай демилгени таңууласа, ал Элбашынын шыкагы менен маселени ар тараптан кененирээк, тереңирээк үйрөнүүгө, адистер менен кеңешүүгө уруксат сурай берет. “Бул балта көтөргүчө, дөңгөч эс алат”, же эски жомоктогу “ага чейин үчөөбүздүн бирөөбүз өлөбүз” дегендин өзү болот. ЕврАзЭСти түзүүнүн демилгечиси өзү болгон Назарбаев анте алмак эмес. Антсе ал өзүнүн мурдагы ишине, кийин каршы чыккандай болуп калмак. В.Путинден “маселени үйрөнгөнгө, изилдегенге, кеңешкенге” убакыт да сурай албайт. Ошон үчүн ал ордуна Токаевди түртө салды. Назарбаев экономикалык биримдикти жандили менен колдогон, бирок анын саясый союзга айланып кетишин каалабайт.

 

Токаев өз миссиясын аткарып бүткөндөн кийин Элбашы чылбырды кайра өзүнө алып алуусу же ага чейин саясый тажрыйбага ээ болгон Дарыйкага же башкасына өткөрүп берип коюусу же Евразиядагы саясый кырдаал өзгөрүп кетсе, анын да, мунун да зарылчылыгы болбой калуусу толук мүмкүн. Биздин оюбузча, мына ушундан улам Элбашы Касым-Жоомарт Токоевге бийлигинин бир бөлүгүн убактылуу өткөрүп берип турганга макул болгон. Ал аны көпкө чейин мураскор болуп калат деп эч качан ойлогон же пландаштырган эмес. Ал убактылуу фигура. Ал өз миссиясын өтөп бүткөндөн кийин кааласа да, каалабаса да кеткенге аргасыз болот. Ал ыктыяры мененби же башка жагдайлардан уламбы, жакынкы 1,5-2 жылдын ичинде президенттиктен кетсе, ордуна автоматтык түрдө, эч кандай шайлоосу жок эле кийинки календарлык шайлоого чейин Дарыйка Назарбаева мамлекеттик башчысы болуп калат. Казакстандын Конституциясы ага жол берет. Мына ушул планды ишке ашыруу үчүн К.Токаев өткөн жылы ага мыйзамдык зарылчылык болбосо да шайлоо өткөрдү. Анткени, бир жагынан, эки мамлекет башчысынын тең бийликке автоматтык түрдө келип калышы өтө эле аша чапкандык болуп кетсе, экинчи жагынан, Токаев шайлоо өткөрбөсө кийинки автоматтык түрдө келе турган мураскорго өз ыйгарымдарын аткарганга жарытылуу убакыт да калмак эмес.

 

Кыргызстандык вариант Казакстанда кайталанабы?

 

Айрымдар Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамилени көрүп алышып эле, Казакстанда да Элбашы менен мураскорунун ортосундагы мамиле ушундай аякташы мүмкүн деп жатышат. Алар Казакстандагы бийликтин өзгөчөлүктөрүн, азыркы конфигурациясын билишпейт же түшүнүшпөйт окшойт.

 

Атамбаев бийликтен кеткенде анда экс-президент дегенден башка эч нерсе калган эмес. Ошондуктан, анын үстүнө ири өлчөмдөгү коррупциялык жаңжалдар көбөйүп, өзү да кырдаалды курчута бергендигинен улам тез эле “соолуктуруучу жайга” киргизилди. Ал эми Казакстандагы саясый, психологиялык кырдаал таптакыр башкача. Жогоруда айтылгандай, Н.Назарбаев башкы командачылыкты, коргоо Кеңешинин төрагалыгын өзүнө калтырган. Элбашы жөнүндө мыйзамга ылайык, анын президентти баш кылып эң чоң даражадагы мамлекеттик чиновниктерге ишеним көрсөтпөй, кызматтарынан кетиргенге, кезексиз шайлоолорду, референдумдарды дайындаганга укугу бар. Парламентте спикер кызы баш болуп, аны жактагандар отурушат. Ал кеткенден кийин Кыргызстандагыдай кадырына, беделине доо кетиргидей коррупциялык же башка жаңжалдар чыкпады. Касым-Жоомарт Токаев анын негизги орундарда отурган кадрларынын бирин да алмаштыра элек. Айрымдарын алмаштыра да албайт, анткени Коргоо министри, куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси же коопсуздук  Кеңештин катчысы ж.б. ким болушу керектигин, чукул абалды киргизүүнү же киргизбөөнү кандай учурда болбосун Башкы командачы гана чечет. Демек, теориялык жактан ар нерселерди айта берген менен практикалык жактан Элбашыны башкаруу иштеринен биротоло четтетүүгө же тынчтык жол менен ыйгарымдарынан ажыратууга мүмкүн эмес.

 

Албетте, эл арасында аны жаман көргөндөр, нааразылар жетишерлик. Н.Назарбаев бир ирет өзү “бирөөнү чоң кызматка көтөрсөң, эң кеминде жүз адамды нааразы кылып, ага жакшылыкты билбеген дагы бирөөнү кошуп алат экенсиң” деп айткандай, отуз жыл мамлекетти башкарып турган адамдын элдин бардыгына жагуусу таптакыр мүмкүн эмес.   Андан казактардын басымдуу бөлүгү жадап бүтүшкөндөрү да чындык. Мектепте окуп жүргөнүңдө мамлекет башында турган адамдын сен картайып баратканда деле бийликте жүргөнү эч кимге жакпайт. Андан эл саясый, психологиялык жактан тажап, чарчап, жаман да болсо, жаңысы келишин, кадрларда кескин өзгөрүүлөр болушун эңсеп калат. Эмне дебейли, бул бардык адамдарга мүнөздүү көрүнүш. Бирок, Элбашынын Казакстанды эң оор кырдаалдардан жоготуусуз, жаңжалдарсыз алып чыгып, экономикасын Союз кыйраган мезгилге салыштырганга беш эседен ашык өстүрүп, геосаясый жактан эң ыңгайлуу  борборго ээ кылгандыгы, бир кезде өз республикасында жалпы калктын жарымына жетпеген  казактарды 70 пайыздан ашырып,  өз өлкөсүндө толук кожоюнга айландыргандыгы, анын айрым кемчиликтери болсо да эч качан Казакстандын түпкү кызыкчылыктарына доо кетирбегендиги да айныксыз фактылардан.

 

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити