Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 252

Коомдук ишмер, генерал Феликс Кулов буга чейин да бул окуя боюнча өз көз карашын айтканын сөз кылды:

 

- Жеке мен үчүн да Коомдук комиссиянын иши зарыл. Буга дейре Атамбаевдин ишине кескин сын көз карашта болгондуктан, мен мүчө боло алган жокмун, бирок, ага жардам берүүгө даярмын. Азыр эмне болуп жатат? Иликтөө органдары көп калпыстыктарга жол берип жатышат. Мына, алар Атамбаевдин жансакчысын кармашты. Бирок, ал өз милдетин гана аткарган. Уставдык милдеттерден тайган жок. Айтайын дегеним, чектен чыккан куугунтукка жол бербеш керек. Атайын кызматтын жоокерлери тууралуу сөз көп болууда.  Алар чыгып кетсе да болушмак, бирок, өз элин аяп, ошол жакта калышкан. 2010-жылы да ушинтип өзүбүздү коргогон милиция, атайын бөлүктүн жоокерлерин ур-токмокко алдык. Ал Кой-Ташта да кайталанды. Биз минтип мамиле кыла турган болсок, күч органдарынан айрылып калабыз. Эч ким ал жакта иштегиси келбей калат. 7-августта жасалган операция абдан чоң жаңылыштык, туура эмес, ким жасаса да мойну менен жооп бериш керек. Бийлик жетекчилерин атайылап “подстава” кылгылары келишкендей. Бирок, бул окуяларды иликтөөдө эң негизги көңүл бура турган маселе - күнөөсү жоктор жабыр тартпашы керек. Кой-Таш айылынын жашоочулары эч кимге ишенбей калышкан, дарыгерге көрүнгөндөн да коркуп калышты. Элди коргош керек. Туш-тараптан эле чакырып, суракка ала берип коркутуп алышты. Ошондуктан, Коомдук комиссияга ишеним абдан чоң. Адилеттүү баа берүү керек. Себеби, бизге туруктуулук керек. Мен 6 жыл түрмөдө олтурган адаммын. Ошондон улам айтаарым, күнөөсү жок адамдар олтурбаш керек. Бүгүн бир мүчөсү кармалып, камалбаган үй-бүлөнү таппайсың. Ошондуктан, баары акыйкатуу болсо, коом да ишенет. Атамбаев үйүндө жатып албастан, “келгиле, же мен барайын”- деш керек эле. Коркпош керек. Эгерде аны чакырып алып, камап койсо, ал баатыр болмок. Эркекче кадам жасай алган жок тилекке каршы. Бул капканга түшүп калганына өзү күнөөлүү. Адвокаттарына ишенип турап алды да...

 

ххх

 

Жыйында Кой-Таш айылынын тургундарынын өкүлү Жаманкул Жунусовду Коомдук комиссиянын мүчөлүгүнө кабыл алуу чечими кабыл алды. Буга чейин Кой-Таш айылындагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын курамына Улукбек Маматаев, Рамазан Дырылдаев, Табылды Акеров, Сапар Аргымбаев, Чолпонбек Абыкеев, Мукаш Мамбетов, Кубан Дүйшеев, Улан Бабаназаров, Бакыт Стамов, Улан Мадмаров, Таалай Мадаминов киришкен.

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити