Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1408

Шоу-дүйнө

 

 

 

 

- Алина эже, социалдык тармактарда сиз бирөөнүн сатып жаткан кийимдерин алып, бир канча убакыт өткөндөн кийин сынын кетирип, алган кийимдериңизди кайтарган маалымат тарады. Ал маалыматка ишенсек болобу?

 

- Мынча болду эми окуя кандай болгонун мен да айтып, өз чындыгымды ортого салайын.  Сьемкадан чыгып баратсам, (алып баруучу) Асел жолугуп, “Алина эже, сиңдимдин товарлары бар эле. Сиздин тааныштарыңыз көп го. Сатышып бериңизчи” деп офисине киргизип 1 пальто,1 куртка,1 безрукавка берди. “Ой мен гастролго кетип атам, сыртта көпкө жүрүп калам”- дегениме карабай, “жазга чейин сатылса болду” деп берип салды. Ошентип гастролго кетип калып баягы товарларды сата алган жокмун. Кийин өтпөй жатканын айтып, товарларды алып барып берейин десем, “албайм, акчасын бериңиз” деди. Ак көңүл жаным “мейли, дагы аракет кылып көрөйүн” деп койдум. Кийин ортодо бир топ жагымсыз чалуулар болду. “Акчасын мен берип койгом. Мага акча керек” деп тааныбаган аял чалып доолой баштады. “Мага товарды ким берсе, ошону менен сүйлөшөм”- деп ал аялдан араң кутулдум. Дагы бир күнү “жолдошумун, ал акчаны мен бергем. Акчамды алып келип бер” деп товарды мен өз эрким менен алгандай туш тараптан кыйнап, “эгер товарды сатып, акчаны алып келип бербесең, соцтармактарга уят кылып чыгарам” деп коркутуп жазган смстерди да жөнөтүштү.

 

- “Соцтармакка чыгарам” деген смстерди ким жөнөттү?

 

- “Сиңдимдин товарларын сатышып бериңизчи”- деген Асел жөнөткөн. Мен да өчүргөн эмесмин. Азыр да ал смстер менде сакталуу. Ары-бери айтышып, тартышып жатып Асел менен сүйлөшүп, товарларды алып барып бере турган болдум. Дал ошол күнү бир тойдон Аселге жолугуп калып, товарларды азыр эле берип коеюн десем, “эже, азыр машинам толтура товар. Эртең менен алып келип бериңиз” деди. Эртеси “Замананын” таңкы көрсөтүүсүнө тартылмакмын, ал жакка баратып, офисине таштап кеткем. Аселдин сиңдисин көргөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Анан эле сиңдиси товарды жан талашып карызга алып кеткендей, анан акчасын бербей, качып жүргөндөй жаман атты кылып жазып чыкты. Абдан ызаландым. 40 жыл сахнада жүрүп, элге арнаган ак эмгегиме, жеке аброюма шек келтиришкендер жүрөгүмдү оорутту. Айрым сайттар бул жалааны мага чалып тастыктап албай эле жайылтууга аркеттерин көрүштү. Шоу дүйнө жаңылыктары деген аккаунт “Алина Жетигеновага чалсак өчүк, байланыша алган жокпуз” деп жазыптыр.

 

- Сизге бирөө жарым чалып, бул маалыматтын чын бышыгын сурады беле?

 

- Чынында мага эч ким чалган жок. Чалса ушул нерсени айтып бермекмин. Менин телефонум эч качан өчүк болбойт. Мени таба албай калгыдай телефон номерлеримди да өзгөргөн эмес. Эгер алар бул маселенин аныгын билели дешсе, чыгармачылыктагы кесиптештерим аркылуу деле мени табышат болчу. Баарынан кызыгы, “шоу дүйнө  жаңылыктары” деген акаунтка болгон чындык жазылган комментарийлер эмнегедир өчүрүп калып жатат. Сыягы, мунун баары мени каралоо үчүн жасалган аракет. Ошон үчүн чындыкты жазган комментарийлер өчүрүлүп жатат. Бирок, жок жерден жалаага кабылганым мени азапка салды. Жалган жалаа болсо да, эл алдында уят болуп, уйку бетин көрбөй, жүрөк сыздап, дары ичип, жаман абалда калдым. Ошон үчүн мени каралоого аракет кылгандардын окуясы чынында кандай болгонун мен да  болгонун болгондой айтып коёюн дедим.

 

Ч. Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити