С. Четинбаев: Бул эми биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз окшойт.
- Бизде, кыргыздарда, баары саясатташкан. Баары, баары. Төрөлгөндөн өлгөнүнө чейин саясат кылып жашаган элбиз биз. “Эл эмне дейт?”- деген түшүнүк ошондон калган. Бул эми биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз окшойт. Баарысы эле билгизип-билгизбей каадаланганды (пантовать эткенди), жакшы көрүшөт. Эми бул биздин улуттук аң-сезимибиздин күзгүсү. Анан баарыбыз ошондой болуп атсак, саясатчыларыбыз андайдан куру калмак беле? Ал эми саясатчыларыбызды айта турган болсок, булар элдин добушун алыш үчүн эле бөлүнүмүш болот, чындыгына келгенде баары эле бир банда, бир топ. Койдун терисин жамынгандар.
Булак: “Майдан. kg” гезити