К. Осмоналиев: Анын үстүнө келишкис душмандар деген саясатта эч качан болгон эмес жана болбойт дагы.
- Кыргызстанда аш-тойлор да саясатташып, салтанаттуу аянтчага айлана баштадыбы же келишкис эки жээктеги саясатчылардын бир столдо отурганы эки жүздүүлүкпү?
- Кыргыздардын аш-тойлору өзүнө көп максаттарды камтыган, кылымдар бою синтезделип калыптанган иш-чаралар болуп эсептелет. Тойдун уюштурулушунда эле ага катыша турган адамдардын коомдогу орду, аброю белгиленип, ошого жараша каада күтүлөт. Демек илгертен эле бул түшүнүктөр саясат менен бекем байланышкан. Чынында баардык Батыш-Чыгыш өлкөлөрүндө деле ушундай. Бул феномен жөнүндө классик-жазуучулардан баштап азыркыларына чейин кандай гана чыгармаларды жазып келишти. Кыргыз эли деле ушул салтты карманат. Аш-тойдун шылтоосу менен бир топ маселелерди чечип алат, карындаш-урук деген түшүнүктүн керектүү баалуулуктарын жаңылайт, бекемдейт дегендей. Шайлоонун алдында аш-тойдун кадыры артып, аны өз максаттарына пайдалануу чакырган тарапка дагы, чакырылгандарга дагы керек! Болгону ушул. Мындан мен эч кандай деле трагедияны көрбөй турам. Бул салт. Анан эмне бирөөнүн тоюна барып алышып эки-экиден жакалашып жүрүшмөк беле? Анын үстүнө саясатчылардын арасында өксүк феномени дагы күчөп турган мезгил. Бирөөсү соттошуп жатат, кээ бирлери тергөөдө, үчүнчүлөрү сыртта качып жүрөт дегендей. Алдыдагы парламенттик шайлоону расмий бийлик толугу менен контролдоп алууга үлгүрдү. Кептин баары ушунда. Ошондуктан мындай көрүнүштөр эки адамдын башы бириккен эле жерде боло турган маселе. Адам өзүнүн табияты боюнча эле саясатчы болуп төрөлөт. Бул сөздү убагында Аристотель кашкайта эле ачык айткан. "Мен саясаттан алысмын"- деген келжирек сөздү анык эки жүздүү адамдар айтышат. Анын үстүнө келишкис душмандар деген саясатта эч качан болгон эмес жана болбойт дагы. Черчиль айтмакчы, “түбөлүк кызыкчылык гана болот”
Булак: “Майдан. kg” гезити