Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 500

Бишкекте карызга акча берген автоматтар пайда болду.

Бул туурасында соцтармак колдонуучусу Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасында жазып чыкты.

 

“Ал сиздин паспортуңузду жана манжаңыздын издерин тартып алып, 10 күнгө 1000 сом берет экен. Кайра 1300 сом кылып кайтарып бериш керек! Бул канчалык мыйзамдуу жана Улуттук банк мынча пайыз тууралуу кандай ойдо?”,- деп жазган. 

 

Айрым интернет колдонуучулар бул кабарга кубанса, кээси пайыздын кымбаттыгын белгилешүүдө.  Бирок соцтармак колдонуучулары бул компаниянын ишмердүүлүгүнүн канчалык мыйзамдуу экенине кызыгышууда. Журналисттер автоматтарды тейлеген “Акчамат” компаниясына кошумча маалымат алуу үчүн кайрылышкан.

 

Уюмдан билдиришкендей, мындай автоматтар Бишкекте ушул жылдын апрель айынан тартып иштеп жатат. Карызга акча алуу үчүн компаниянын кеңсесине барып, келишим түзүүнүн кереги жок. Болгону терминал аркылуу тутумга катталыш керек.

 

“Терминалга жакын келсе, ал адамды сүрөткө тартып алат. Сүрөттү паспорттун сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү менен салыштырышат. Андан кийин манжа изи менен киши келишимге кол коет”,- деп билдирген компания кызматкери.

 

Белгилей кетсек, буга чейин ушуга окшогон кызмат Казакстанда иштеп баштаган. Кошуна мамлекетте ал “Акшамат.KZ” деп аталат. “Бул эки компания өз ара байланыштабы?”- деген суроого кызматкер “мындай маалыматта компания жетекчилиги гана бере алат”- деп тим болгон.

 

Бирок, “аталган компаниянын Кыргызстандын Улуттук банкы менен келишими барбы?”- деген суроосуна азырынча жооп бериле элек.

 

Эмнеси болсо да акчадан акча жасаган эпчилдердин соодасы жүрүшүп атат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити