Боордоштук мамиле
Биз атайын кызматтын өкүлүнүн “Майдан” гезитине ушул жылдын 10-июлунда жарыяланган “Фетхуллах Гүлендин артында чоң күч, бүтүндөй система турат” деген интервьюсун окугандан кийин бул маселе боюнча өз оюбузду айтууну туура көрдүк.
ХХI-кылымдагы эң катаал репрессиялар
Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки убакыттан бериТүркияда төрт ирет аскердик төңкөрүш болгон. Мурдагылары дайыма ийгиликтүү ишке ашып келсе,2016-жылдын 15-июлундагы – бешинчиси ишке ашпай калды. Төңкөрүш ийгиликтүү ишке ашса, ал - революция, ишке ашпай калса - кутумдук, козголоң деп аталат. Бул алмустактан бери келаткан аксиома. Жеңүүчүлөр бийликте турганда эч качан соттолушпайт, бул да факты. Ал эми жеңилгендердин моюндарына дүйнө жүзүндөгү арам өлгөн иттердин гана эмес, мышыктардында сасыган тарптары илинип, бокочодой жамандалып, колго илингендериаёосуз жазаланары да чындык. Мурдагы төңкөрүштөрдөн кийин кандай репрессиялык чаралар колдонулгандыгын билбейбиз, алар мында анчалык деле маанилүү эмес, бирок 2016-жылдын 15-июлундагы ишке ашпаган төңкөрүштөн кийин шектүүлөргө карата Сталиндин мезгилиндегидей массалык катаал чаралар көрүлгөндүгү жана көрүлүп жаткандыгычындык.
Түркиянын расмий бийлиги ишке ашпаган төңкөрүштүн эртеси күнүнөн тартып мамлекеттик жана муниципалдык органдарды, күч системаларын, окуу жайларын, ЖМКларды ж.б. шектүүлөрдөн тазалоону баштаган. Бир жылдын ичинде 140 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштарынан айдалып, 50,5 миңден ашык адам камакка алынган. Алардын ичинде 169 генерал, 7100 офицер, 24 губернатор, губернаторлордун 73 орун басары, атайын кызматтардын 8800дөн ашык кызматкерлери бар. Жыйырмага жакын университет, 100дөн ашык ЖМКлар жабылды. Ал процесс азыр да улантылууда; чет мамлекеттерде жүргөн шектүүлөр чакыртылып, айрымдары экстрадицияланууда. Түркиянын расмий жетекчилиги ишке ашпаган төңкөрүштүн уюштуруучусу жана шыктандыруучусу катарында Мухаммед Фетхуллах Гүлендеп, аны жалпысынан сырттан6,5миң жылга камоого өкүм кылып, бардык мамлекеттерден ага тийиштүү делген ЖОЖдорду, мектептерди жабууну талап кылууда.
Фетхуллах Гүлен деген ким?
Мухаммед Фетхуллах Гүлен саясатка таптакыр аралашпаган, бир да саясый партияда болбогон, бүткүл өмүрүн исламдын идеялары менен лайыктык турмушту, дин менен илим-билимди элдештирип, шайкеш келтирүүгө, өсүп келаткан жаш муундарга заманбап билим берип, аларды негизги конфессиялардын прогрессивдүү салттарында тарбиялоого аракет кылып келаткан адам. Жекече турмушу жагынан ыйыктарга окшош, анын үй-бүлөсү, балдары жок. Дүнүйө, байлык жыйбайт, бардык тапкандарын жаштарга билим берүүгө гана жумшап келе жатат. Анын жана тилектештеринин демилгелери менен дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүндө “Себат” мектептери, ондогон университеттер ачылган. Ал дүйнөлүк деңгээлдеги филантроп, исламдагы экстремизмге, радикалдуулукка дайыма каршы чыгып келген. Жаш муундарды элдик каада салттардын, диндердин мыкты үлгүлөрүндө тарбиялоого умтулган менендиндерди саясатка, башкарууга аралаштырбоону, Түркияны Мустафа Кемаль Ататүрк салган лайыктык жолдон чыгарбоону жактайт. Анын Түркиянын азыркы бийлиги же Реджеп Эрдоган менен ажырымдашуусу – Эрдоган жетектеген Ислам адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы бийликке келип, өлкөдө жылдан жылга ислам факторунун күчөп бараткандыгынан башталган. Ошон үчүн Гүленди АКШ баштаган батыш өлкөлөрү дайыма колдоп келатышат. Эрдоган менен Батыштагылардын ортосундагы ажырым жылдан жылга тереңдеп баратат.
Түркия өкмөтү Фетхуллах Гүлендин 2016-жылдын 15-июлундагы ишке ашпаган төңкөрүшкө түздөн түз тиешеси бардыгын ырастаган бир да фактыны келтире элек, бирок аны айыптаганын жылдан жылга күчөтүп гана жатат. Эгерде Гүлендин мурдагы “Себат” азыркы “Сапат” мектептери Кыргызстанда да болбосо, Түрк өкмөтү аларды жаап, тийиштүү тизмедеги мугалимдеринэкстрадициялоо боюнча ультиматумдук талаптарды койбосо, биз боордошторубуздун ички иштери жөнүндө сөз кылмакэмеспиз. Мурдагы төрт төңкөрүштүн көйгөйлөрүн өздөрү чечишкендей эле ишке ашпаган бешинчисиникин да өздөрү бир жаңсыл кылышмак.Бирок, Түрк бийлигиндегилербиздин ички иштерибизге түздөн түз кийлигишип, атүгүл “бизди же Гүленчилерди тандагыла” деген ультиматум коюшуп, “Сапатка” тийиштүү мектептердин бардыгын, Ала-Тоо университетин жабууну талап кылууда.
“Сапат” чыныгы сапаттын брендине айланган
Дүйнөдө бар нерсени жок кылып, бүтүндү бүлүндүргөндөн оңой эч нерсе жок. Ал акылды, мээнетти талап кылбайт. Ал эми жок нерседен бар кылып, аны бренддик деңгээлге жеткирүү үчүнири суммадагы каражаттар менен кошо ондогон жылдар талап кылынат. Кыргызстандагы мурдагы “Себаттын” азыркы “Сапаттын” мектептери чейрек кылымдай убакта азыркыдай бренддик деңгээлге жетишти. Азыр Кыргызстандагы кандай ата эне болбосун, социалдык макамдарына карабастан, өздөрүнүн балдарын, кыздарын “Сапаттын” мектептеринде окутууну сыймык катарында эсептешет. Анткени, “Сапатты” аяктагандар заманбап билимдерге, үч-төрт тилде эркин сүйлөп, жазганга үйрөнүшүп, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай, улуттук каада салттарды, үрп адаттарды барктайбилген адептүү, ыймандуу улан-кыздардан болуп чыгышарын көрүп жатабыз. Азыр анын мектептеринде 11 миңден ашык окуучу билим алышат. Мугалимдери - 1 миңден ашык болсо, алардын 90 пайызы кыргызстандыктар болуп саналышат. "Сапатты" бүткөндөрдөн жыл сайын ондогон уландар, кыздар АКШнын, Батыш Европа, Азияөлкөлөрүнүн, Кыргызстандын эң алдыңкы ЖОЖдоруна тапшырып, өтүшүүдө. Дүйнөнүн бардык алдыңкы өлкөлөрүндөгү бренддик компанияларда, уюмдарда, мекемелерде“Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү иштеп жатышат. Мындай “алтын жумурткаларды” берип жаткан “тооктун” мойнун бурап, союп таштоо - элге, мамлекетке чыкккынчылыккылган менен барабар.
Фетхуллах Гүлендин ишмердигиндей, философиясындай эле, “Сапаттын” мектептеринде динге басым жасалган эмес. Аларда тигил же бул динди, идеологияны пропагандаламак түгүл, Кыргызстандын өзүнүн мектептериндегидей, ыйман, диндерди таануу сабагы дегендер да өткөрүлбөйт. Ал эми саясат, идея, идеологиялар тууралуу сабактан тышкаркы жерлерде да сөз кылынбайт. Анткени, Гүлен мектептерин, ЖОЖдорун саясаттан, диндерден, идеологиялардан таптакыр бөлүп таштаган. Анан билим менен илимди, адептүүлүктү жана адамгерчиликти гана туу тутуп, ошол өңүттөрдө гана иштегендердиэкстремисттерге, диний, саясый радикалдарга теңөөгө аракеттенүү - чектен чыккан демагогия, ашкере бурмалоолор гана болуп саналат.
Гюлендин артында АКШ, Европанын айрым өлкөлөрү, дүйнөдөгү айрым таасирдүү күчтөр турат дегендер да ынандырарлык аргументтер эмес. Биринчиден, алар жөнүндө жетиштүү далилдер жок, баары божомолдор, түкшүмөлдөр. Экинчиден, Кыргызстандагы аткарылып жаткан иштердин көбүнүн эле артындакайсыл бир күчтөр бар. Маселен, инвестициялардын артында - Кытай менен Россиянын өкмөттөрү, кайрымдуулук иштердин жана жарандык коомдунартында -эл аралык уюмдар, кредиттердин арттарында - дүйнөлүк каржылык институттар турат. Азыркы глобалдуу ааламдашуунун шартында бардык прогрессивдүү, пайдалуу нерселердин аркаларында бирден эмес, ондон ар кандай күчтөр бар. Алар канча болсо, ошончо болсун, эң негизгиси, бизге пайда алып келсе, азыр жана кийин зыянын тийгизбесе гана болду. Биз ушул өңүттө гана иш жүргүзүшүбүз керек.
“Бектер кетет-эл калат, бетеге кетет-жер калат” деген макал бар. Анын сыңарындай, убагы келгенде Түркиянын саясый жетекчилиги да алмашат, анда Гүленчилерге карата мамиле 180 градуска өзгөрүшү толук мүмкүн. Бул жагынан алганда абактагы Өмүрбек Текебаевдин “Сапатты”жок кылдырбай, мугалимдерин куугунтуктардансактап калганыбыз үчүн боордош түрк эли эртели-кеч сөзсүз чексиз ырахматын айтат” дегенине толугу менен кошулабыз. Бизге утурумдук бектер эмес, түрк эли кымбат.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити