Муну биз айтып аткан жерибиз жок. Дүйнөлүк Банк айтты. Дегенибиз, Кыргызстан аталган банк тарабынан жарыяланган Doing Business-2020 рейтингинин алдыңкы жыйырма реформатор - өлкөсүнүн катарына кирди.
Тизменин бул сабына өлкөбүз электр түйүндөргө кошулуу, салык салуу жана насыя алуу индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрдүн жакшырганына байланыштуу киргендиги маалым болду.
Дүйнөлүк Банк алдыңкы 20 реформатор-өлкөнүн катарына, ондон ашык тармак боюнча бизнес жүргүзүүнү жеңилдете турган реформаларды жасаган мамлекеттерди киргизген.
Doing Business-2020 рейтингинин расмий бет ачары быйыл октябрдын аягында болот. Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, өлкө 2023-жылга карата «Бизнес жүргүзүү» рейтинги боюнча алдыңкы 40 өлкөнүн катарына кириши керек. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстан бул рейтингде 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүчүн жети тепкичке жакшыртып, 190 өлкөнүн ичинен 70-орунга жайгашты.
Doing Business рейтинги дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести көзөмөлдөөгө байланышкан мыйзамдарды баалаганга мүмкүндүк берет.
Булак: “Майдан. kg” гезити