Анталия шаарында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги “Кыргыз айымдары” коомдук уюму жана республикалык “Кыргыз тили” коому менен биргеликте “Кыргыз тилинин макамы жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган ишчара өткөрүштү.
Бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ж.Алымов, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери И.Эргешов, “Кыргыз тили” коомунун президенти, КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери Р.Курбанов, Анталья шаарынын Кепез районунун муниципалитетинин маданият жана социалдык иштер боюнча департаментинин директору Б.Гюндере, журналист И.Куралбекова, кыргыз студенттери, кыргыз ЖМК өкүлдөрү, Анталья жана Измир шаарында жашаган жана иштеп жатышкан кыргыз жарандары катышты. Иш-чаранын алкагында “Кыргыз тили” коомунун президенти Раим Курбанов өсүп келе жаткан муундун кичинекей кезинен сүйлөө өнөрү пайда болуусунан баштап Кыргыз тилин үйрөнүүнүн абдан маанилүүлүгүн баса белгилеп, кыргыз тилине арналган ыр саптарынан көркөм окуду. Анталья шаарындагы Кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусунда концерттик программа, ошондой эле кыргыз ыр саптарын көркөм окуу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан чагылдырылган сүрөт көргөзмөсү дагы уюштурулду.
Булак: “Майдан. kg” гезити