Айыл-кыштактардан тынымсыз агылган тургундар Өзгөн райондук мамлекеттик акимчилигинин эшигин кыйла күндөн бери сагалашып, тилекке каршы, жетекчилердин бирин дагы таппай жатышат.
Аталган райондун акими Бактыбек Алайчиевдин, орун басарлары Болотбек Дыйканбаевдин, Рахимбек Мырзакуловдун эшигин биз дагы демейдеги иш күндөрү каккылап, буларды жумуш ордунан эч таппадык. А түгүл жергиликтүү аткаминерлердин катчылары дагы иш ордуларында жок. Кашайып баарынын тең чөнтөк телефондору дагы өчүк. Деги Бишкектеги Ак үйдө олтурушкандар Өзгөн районунун жетекчилерине иш маалында таптакыр чалышпайт өңдөнөт. Ушундайда арам ойлуулар райакимчиликти кокус басып алышса, кантесиңер, ыя?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити