Сөздү убагында айтпаса сөз атасы өлөт
Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 28 жыл болгонун калың кыргыз журту белгиледи. Бирок дагы эле болсо тили чыкпаган жаш бала сыяктуу кыргыз тили оңолбой койду десек жаңылбайбыз. Аттиң десе! Канчалаган кылым карыткан тарыхы бар кыргыз элинин тили бир нукка түшүп өнукпөй, мамлекеттик иш кагаздарынын кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөнү тим эле зээниңди кейитет.
“Сөздү өз учурунда айтпаса, атасы өлөт”- дегендей, кыргыз тили - Эне тилдин өнүкпөй калганына баягы эле алгачкы президент А.Акаев менен кечээки президент А.Атамбаев кунөөлүү десек ката кетпейбиз. Анткени ошол учурда Кыргыз Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 миллион рублди А.Атамбаев өзүнүн жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн жумшаганы айтылып жатат, бирок укук коргоо талаасында ага карата чара көрүлбөй келет. Менин айтайын дегеним- акын-жазуучулар болбосо сөздү эл кайдан үйрөнөт эле, элдин дүнүйө көз карашы кантип өнүгүп, өзгөрүлмөк. Мына ушул жылдары кыргыз тилиндеги китептердин дүкөндөрдөн жоголуп кеткени чындык. Негедир, ошол учурда кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун бул ишке карата - 50 миллион рублдин жоголгону боюнча бир сөз айтпаганы бизди ушул күнгө чейин таң калтырып келет.
Натыйжада борбор калаа - Бишкек шаарында кыргыздардын 90% жаштары атасын “папалап”, апасын “мамалап” калышканы чындык. Бир убакта чоң энемдин: “папалап кал” дегенин укканым бар эле. “Колум папалап калды” деп айтышчу, бул “колум күйүп калды”- деген сөз. Көрсө “па” деген сөз ысык дегенди түшүндүрөт экен. Чүйдун кээ бир райондорунда улгайган кишиге “ата” деп айтышканы, Баткенде “ава” деп айтышканы жакшы жөрөлгө, бирок бул жөрөлгөнү колго алуу жагына көңүл бурган киши жок. “Балык башынан сасыйт”- дегендей, кыргыз тилинин дагы да оор абалда жаткандыгы Кыргыз улуттук тил академиясы жана Кыргыз тил комиссиясына такалат. Ушунча убакыт ичинде алардын эмне иш кылганы белгисиз. Эч болбосо алар түндүк-түштүк диалектикасын бир тартипке келтирүүгө жараган жок. Бул аябай чоң кемчилик, себеби тил менен эле ортодогу мамиледе талаш-тартыштыктар жаралат. Вавилондогу курулуш эмне үчүн талкаланган себептерин билесиздер.
Ошондуктан кыргыз элинде: “жакшы суйлөсөң жылан ийинден чыгат”,- деген сөз бекеринен айтылбаган. Же баткендиктердин “ям..ды” кошуп суйлөп, “л” тамгасын кошпой, “болбойт” деген сөздү “бовойт” деп айтышканы кээ бир мекендештердин көңүлүн суутканына не дейбиз. “Тил бир болгон учурда гана дил бир болот”,- деп айткым келет. Азыркы учурда бийлик адамдары “коррупция менен” же “коррупционерлер менен күрөшуп жатабыз” деп айтып келишет. Мен өзүм билимдуу болсом да “коррупционер” деген сөздүн маанисин терең түшүнө бербейм.
...Коррупция деген сөз латын тилинен (БСЭ стр.635) алынып: “преступление, заключающееся в прямом использования должностным лицом прав, предоставленных ему по должности, в целях личного обогощения. Коррупцией называют также подкуп должностных лиц, их продажность”- делет. Эми мааниси боюнча, “баюу максатында кызмат адамдарды акчага сатып алуу жана алардын акчага сатылышын” түшүндүрөт экен. Бизде да “кызмат адамы акчага сатылды” деп түз эле айтылса элде башкача түшүнүк жаралып, ал кызмат адамына карата мамиле да өзгөрүлөт эле. Ал эми “коррупционер” деген сөз милиционер ж.б. сөзгө да жакындыгы да бир кызыктай туюлат. Аныгын айтканда кыргыз мамлекетиндеги кээ бир сөздөр которулбайт: танк, трактор, самолет, спутник, корабль ж.б.; кыргыз тилиндеги: Манас, комуз, ак калпак, беш бармак, кымыз, көк бөрү ж.б.Ушул сыңары эл байлыгын талап-тоногон жана миллионер болуп байыган адамдарды кыргыз тилинде түшүндүрмө сөз менен айта албаганыбыз аябай өкүнүчтүү.
Жемкор… адам баласы жем жебейт: ат, куш жем жегенин укканым бар Адам баласы тамак жейт, же баткендиктерче “оокат жейт”. Пара деген сөз да адамга көп түшүнүк бере бербейт. Бийлик адамдары, кала берсе билимдүү журналисттер жана юристтер деле: паракочулукка жана жемкорчулукка күрөш жүрүүдө же паракорчулук беренеси менен иш козголду деп айтышууда. Бул жагдайда кыйналып кысталбай эле аларды “акчакор” деп атаса болбойбу жана “акчакорлук” беренеси менен иш козголду десе аябай эле түшүнүктүү болмок. Карышкырды “канкор” десе аябай түшүнүктүү го. Бул учурда ал адам өзүнүн иштеп тапканына тойбой, бирөөнүн маянасын алганы же акчага тойбогон акмак экени даана көрүнүп калат. Ал адамдын үй-бүлөсүнүн өмүр боюу “акчакор үйбүлө” аталып калышы көп нерсени айгинелейт. Эгерде биз ушул сөздөрдү кыргыз тилинде так айтсак, акмактардын, элдин байлыгын талаптоногондордун, күнөөлүүлөрдүн жана алардын туугандарынын сай-сөөгүнө жетип, аларды эл арасында баш көтөргус кылат элек.
Аягында айтаарым: “Ээй, элдин эсебинен айлык алгандар, тил боюнча жакшылап иштесеңер. Ойлонбойсуңарбы, кыргыз тили - өз энеңердин тили го! Чет өлкөдөн жаңы эле айылына келген жазуучу Р.Гамзатовдон бир эне сураган экен: “Менин балам сени менен кайсы тилде сүйлөдү?”- деп. Жазуучу: “чет тилде сүйлөдү” деп жооп бергенде, эне айтыптыр: “менин балам өлгөн экен”,- деп. Ошол сыңары биз да кыргыз тилин өлтүрүп албайлы. Аның үчүн колдон иш келбесе, орунду бошотуп, кызматтан кетиши керек. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары да кыргыз тили боюнча иш алып барышса, маянасын акташмак.
Урматтуу президент С.Ш.Жээнбеков өзү тил жаатындагы “бекерпоздорго” да каршы курөш жүргүзүү менен кыргыз элинин ортосундагы “диалектикалык сөздөргө” маани берүү жаатында иш алып барууну кызмат адамдарынан талап кылса жакшы болот эле.
Кыргыз элин терең урматтоо менен, Айтбай Абдыкадыров, Булак: "Майдан. kg" гезити