Ой-тообо!
Ар кимдин артынан аңдып, жуунганынан тарта дааратканага барганына чейин көз албай карап жүрүп, ар кандай компроматтарды топтоп, анан “Менде сизге карата ушундай компроматтар бар, эмне кылалы?”- деп “кылыктана”, алданени кыйытып оокатын өткөргөндөр да бар. Алар акчалууларды, аттуу-баштууларды, саясатчыларды, кызматтагы адамдарды ушундай жол менен өздөрүнүн торуна илгилери келишет. Мындай “кесипти” борбор калаадагы анча-мынча журналисттер аркалап келишчү. Эми алардын катарына Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын “Кара-Көл үнү” аттуу гезитинин ээси Жолдошбек Алиев да кошулуп калыптыр. Бул журналист кечээ, 24-сентябрда Бишкектеги маалымат агенттиктеринин биринде маалымат жыйынын өткөрдү жатат. Анда ал: “Мени УКМК, прокуратура кесиптик ишмердигим үчүн куугунтуктап жатат”- деген жомокту айтты.
Тим эле аябай куугунтукталып, кысым көрүп жаткандай болуп ыйламсыраган түр жаратууга катуу даярдык менен келиптир. Бирок, ал эч кандай деле кысымга алынбаганын, тескерисинче ал өзү мыйзамды бузуп, мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана бизнесмендерди “менде сиз тууралуу, сиздин ишиңизге тескери таасирин тийгизе турган фактылар бар”- деп коркутуп, акча талап кылып көнүп алган адам экенин айтып коюу парз. Анын негиздеген “Кара-Көл үнү” гезити Кара-Көл шаарында деле кеңири тарабайт. Болгону 300-400 нуска менен жарык көрүп келет. Андыктан андай гезит бар экенин деле шаардыктар жакшы биле бербейт. Жолдошбек мырза 2014-жылы бизнесмен айымдардын бирин дал ушундай жол менен коркутуп, 150 миң сом акча талап кылган экен. Ошондо ал УКМКнын АКСинин кызматкерлери тарабынан кармалып, кылмыш жоопкерчилигине да тартылыптыр. Мындан сырткары ал 2008-2010- жылдары Кара-Көл шаарынын вицемэри да боло калган экен. Ошондо ал кызматтык абалынан пайдаланып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө деп келген гуманитардык жардамдарды өзүнө ыйгарып алганын шаардыктар жакшы билишет. Ошентип, ал 2015-жылы Ноокен райондук сотунун чечими менен кылмыш кодексинин 170 жана 171-беренелери боюнча 6 жылга эркинен ажыратылган тура. 171- берене дал ошол вице-мэр кезиндеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу (ишенип тапшырылган мүлктү өзүмдүк кылып алуу же жок кылуу).
Мына ушундай таржымалы бар Ж.Алиев эми куугунтук тууралуу жомок айтып, коомчулуктун башын айланткысы келет. Андан көрө ар кимди шантаж кылып, ошонун арты менен оокат кылганды өнөкөт кылбай, таза жол менен жан бакканды өздөштүрбөйбү десең.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити