Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 193

Кайрымсыздар

 

Парламенттин депутат айымдары “донор” ата-энелерди желкесинен кармоого билек түрө киришти. Алардын маалыматына караганда Кыргызстандагы алимент төлөбөй качып жүргөн ата-энелердин саны өсүп  40 миңге жетти.  

 

Ажырашуулар көп болгону миңдеген балдардын укугун тебелеп, 90-жылдардан бери кайрымсыз аталардын катарын калыңдатты. Өлкөдө ажырашкан жуптар 10 миңдеп саналат, алардын басымдуусу энеде калган балдарга ата, же атада калган балдарга эне материалдык көмөк көрсөтпөйт. Расмий маалыматта 40 миңден ашуун ата-эне алимент төлөөдөн качууда. Мындан улам депутат айымдар эл аралык уюмдар, жарандык активисттер менен биргеликте мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Анда алимент төлөбөгөндөрдү жазалоо, төлөнүүчү каражаттын өлчөмүн көбөйтүү, сот аркылуу ишке ашчу айрым жагдайлардын мөөнөтүн кыскартып, тез арада чечип беруу сыяктуу жоболор камтылган. Балдардын укугун коргоого багытталган мыйзамды парламенттеги айымдар  демилгелеген, алардын катарына бир дагы мырза депутат кошулган эмес. Кыязы куйруктарында калдыраган калбырлары бар окшойт.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити