Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 205

Жаныңды кашайтат!


 

Өкмөттүн аппаратынын коопсуздукту камсыздоо, тартип жана коргонуу жөндөмү боюнча бөлүмүнүн башчысы Егор Скобеев камакка алынды. Анын камакка алынышы Аскер прокуратурасы тарабынан мурдагы президент Атамбаевге карата ачылган кылмыш ишинин алкагында болгону айтылды.

 

Айрым маалыматтарга караганда, Егор Скобеев коррупция боюнча айыпталган. Бирок темир тор артына жөнөтүлө элек, анткени ооруканада операция жасалуу алдында жатат. Жакшы болоору менен баш коргоо чарасы каралат, а азырынча аны ооруканадан кайтарууга алышууда. Кээ бир маалыматтарга караганда, Атамбаевдин бир канча жыл мурда берешендигине салып бербей турган адамдарга тапанча тартуулап жибергени Скобеевдин башына тийген таш болгонун айтып жатышат.  

 

Мурдагы президент 2009-жылы өкмөт башчы болуп турган кезинде ТТ, CZ-75 жана Ярыгина үлгүсүндөгү тапанчаларды кримдүйнөсүндө “Решала” каймана аты менен таанымал Максим Каганскийге, бир жылдан кийин анын аялы Анастасияга мыйзам чегинен чыгып белек кылганы, кийинчерээк, 2015-жылы  Россиянын Башкы прокуратурасы Мамдуманын депутаты Денис Вороненковага жана көз боемочулук боюнча кылмыш ишинин эки фигурантына тартууланган тапанчаларды иликтөө тапшырмасын Тергөө кызматына бергени жарыяланган. Анда тапанчалар 2011-жылы Кыргызстандын премьер-министри тарабынан белек иретинде берилгени айтылган. Бул жылы КР ИИМ министри Зарылбек Рысалиев болгон. Эми тапанча таржымалын угат көрүнөбүз.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити