Кетет... кетпейт...
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин мөөнөтүнөн мурун таркашына эч кандай негиз жок экенин билдирди.
Сыягы коомчулуктагы, анан акыркы убакта айрым маалымат каражаттарынын “парламент тарайт” деп жазгандары төраганын жедеп көкөйүнө жетти окшойт. Спикер ЖКны таратуу боюнча кандайдыр бир демилге болбогонун жана парламентти таратуунун шарттары толугу менен Баш мыйзамда так көрсөтүлгөнүн белгиледи.
Коомчулукта парламенттин ишмердүүлүгүнө, депутаттардын дарегине карата сын да, нааразычылык да толтура. Бирок төраганын “түтөп” кетишине да себеп бар. Депутаттар канча деген акчанын көзүнө карабай асманга чачып жатып эптеп парламенттин босогосун атташса, анан мөөнөтүнө жеткирбей эле кетирип жатышса, ким болбосун күйөт да, туурабы?
Булак: “Майдан. kg” гезити