Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 174

Айланбай калган дөңгөлөк


 

Кой-Таштагы окуяны иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын жыйынында Курсан Асановго дагы бир кылмыш иши ачылганы айтылды.

 

Андагы маалыматтарга таянсак, ИИМдин мурдагы орун басары айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулун мыйзамсыз жумушка алган экен. Пайзылла уулу ИИМдин атайын кызматынын жоокери болгон. Ал эми анын Асановго айдоочу болгонуна атайын буйрук чыккан эмес.

 

Комиссиянын төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Бактыбек Райымкулов: “Атайын бөлүктүн жоокерин Асанов кызматка мыйзамсыз алган. Аны Асановдун кол алдындагы кызматкерге которуу боюнча буйрук чыккан эмес. ИИМден айрым кылмыш иштерди бизге беришти. Анын негизинде биз Асановдун аракеттерине баа беребиз”,- деди.

 

Кой-Таштагы окуядан соң, айрыкча “баштык” чуусу Дамирбек Пайзылла уулун да “атактуу” кылып жиберген. Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан баштыкты Пайзылла уулу көтөрүп жүргөн.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити