Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 146

Амантай Кутманалиев кызуу болсо эле жатаканада жашаган Элмирбек Иманалиевдин эшигин тээп келе берчү экен.

 

Картинки по запросу элмирбек иманалиев 

 

Амантай Кутманалиев кызуу болсо эле жатаканада жашаган Элмирбек Иманалиевдин эшигин тээп келе берчү экен. Бирок келген сайын Элмирбек үйүндө жок. Акыры бир күнү жолугушат. Амантай адатындай алагүү болуп келип:

 

- Келсем эле сени таппайм. Деги үйүңө токтойсуңбу?

 

- Ооба, өткөндө мен жокто келипсиң…- десе Амантай баштайт:

 

- Эмне жаныңды жейсиң? Малик (Аликеев) сени үйүндөле жүрөт деп айтпадыбы…- деп таза айласын кетиргенде, Элмирбек суроо узаткан экен:

 

- Элмирбек деген ат эмнеден башталат? Айтчы.

 

- Эл.

 

- Малик деген ат эмнеден башталат?

 

- Мал.

 

- Анан ошол малга ишенесиңби же элгеби?

 

- МАЛга да, ЭЛге да ишенбейм.

 

- Анан кимге ишенесиң?

 

- Өзүмө.

 

- А өзүңдүн атың эмнеден башталат?

 

- ???

 

Амантайды ой басып, ичинен күбүрөнөт. Бир кыйладан кийин өзүнүн ысымы кандай башталары тил учуна келгенде: жарпы жазыла каткырган экен.

 

Олжобай ШАКИР,  Булак: “Майдан. Kg” гезити