Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 243

"Бирок,  бул жерде эки тараптын тең  күнөөсү бар".

 

- Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?

 

 

- Менин оюмча, бул аша чапкандык. Атамбаевдин тарапташтарынын “Сооронбай Жээнбеков да камалсын” деп чыкканга укугу жок. Атамбаевчилер өздөрү бардык нерсени кылып коюп, бийликке бир тараптуу күнөөнү оодара салганы туура эмес. Бирок,  бул жерде эки тараптын тең  күнөөсү бар. Анткени, мыйзамсыздыкты баштаган Атамбаев тарап. Ал эми ошол мыйзамсыздыкка жол берген, эки-үч ай убакыт берген бийлик болду. Бийлик дагы Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик  комиссия түзгөндө калыстык кылып, мүмкүн Атамбаевдин тарапташтарын комиссиянын курамына кошуп коюшу керек эле.  Биз ойлогондой  мамлекеттик комиссия түзүлбөгөндүктөн коомдук жана мекенчил күчтөр бирдикте курултайдын аткаруу комитети менен  коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алып, калыс эксперттерди жана адистерди кошуп жатабыз.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg гезити