"Алар кек сактап, өч алуу жолдорун издеп жатышат".
- Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?
- Биз баарыбыз укуктук мамлекетте жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Бардыгы мыйзам талаасында, мыйзамдын негизинде болуш керек. Ким болбосун мыйзамдын астында кылган иши үчүн жооп бериши керек. Убагында Акаевди, Бакиевди коргогондор болгон, азыр уялып жүрүшөт, убакыттын өтүшү менен бүгүн Атамбаевди коргоп жүргөндөр да уялып калышат. Туура эмес кылышканын түшүнүшөт. Азыр түшүнүшө элек, эйфориядан чыга элек, ич күйдү болуп жатат. Алар кек сактап, өч алуу жолдорун издеп жатышат. Бул күндөр да өтөт. Баардыгы өз ордуна келет. Жаран катары арыз жаза беришсин, бирок кайсы мыйзам бузулду аны далилдеп, тактап беришсе болмок. Арызды жалпы жонунан жазган туура эмес. Фактылар менен жазыш керек. 5 жыл сайын ыңкылап кылып жатып, элди мыйзам жолуна түшүрүү кыйын болуп калды. Жоопкерчилик жоголуп баратат.
Булак: “Майдан. kg” гезити