"Баарыбыз мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги, өнүгүп-өсүшү, элибиздин ынтымагы, биримдиги үчүн президентибиздин саясатын колдошубуз керек".
- Экс-президент А.Атамбаевдин таламын талашкан 1700 жарандын прокуратура органдарына кайрылып, бүгүнкү бийлик ээлерине, анын катарында ажо Сооронбай Жээнбековго карата мамлекеттик кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоо талабын койгону белгилүү болду. Кой-Таштагы дүрбөлөңдөн кийин атамбаевчилердин ушундай талап менен чыгууга моралдык укугу барбы өзү?
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамына ылайык ар бир жаран арыз менен кайрылууга укуктуу. Прокуратурага кайрылгандардын баары Атамбаевди толук колдоруна ишенбейм. АШАнын жакындары эл-журттун башын айландырып жатат. Кыргыз эли АША жана анын жанындагылары мамлекетке абдан чоң зыян кылганын билишет. Бирок, чынын айтканда райондук, облустук жетекчилер жоопкерчиликти алгандан коркуп жатышат. Баары эле президентти карап отурушат. Элге түшүндүрүү иштери боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштебей жатат. Бүгүнкү күнү чынын айтыш керек, президенттен башка эч ким жоопкерчиликти алгысы келбей алаңдап жаткандай. Баарыбыз мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги, өнүгүп-өсүшү, элибиздин ынтымагы, биримдиги үчүн президентибиздин саясатын колдошубуз керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити