Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 145

Баш оору


 

Тендерлердин ыры менен чыры өлкөнү эки эсе чыгашага кептелтип келатат.

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын айдоочулук күбөлүккө өткөргөн тендери да чырдан алыс болгон эмес. Немец компаниясы тендердик комиссиянын чечимин акыйкатсыз деп таап мекемелер аралык көз карандысыз комиссияга кайрылган эле. Анын айынан туруктуу айдоочулук күбөлүктү чыгаруу кечеңдеп, ушул убакка чейин айдоочулар убактылуу күбөлүк көтөрүп жүрүшкөн. Эми гана 1-октябрдан тартып туруктуу айдоочулук күбөлүк берилмей болду. Көз карандысыз комиссия немец компаниясынын кинесин “негизсиз” деп тааптыр. МККнын маалыматына караганда,  убактылуу айдоочулук күбөлүк 1-октябрга чейин берилет. Бул мөөнөт аяктагыча жаңы күбөлүктөр даяр болот. Мамлекеттик каттоо кызматы туруктуу күбөлүктөрдү бере баштагандан соң убактылуу документтерди алып жүргөн айдоочулар аларды толук кандуу күбөлүккө алмаштырууга тийиш. Жаңы күбөлүктүн бланкы үчүн акы төлөөгө туура келет. Баасы 100 сомдун тегерегинде. Убактылуу күбөлүк кагазга эле чыгарылгандыктан бекер берилген.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити