“Жал” кичи районундагы мушташтын күнөөкөрлөрүн жашырууга аракет кылган эки милиция кызматкери камакка алынды.
Бул тууралуу УКМК маалымат кызматынан билдиришти.
Мурда маалымдалгандай, 28-августта Бишкек шаарынын Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ярмарка” дүкөнүнүн жанында К.Сеитбеков жана Ж.Бапышов тарабынан У.Белеков жана А.Молдожиевдер катуу токмоктолгон.
Бул окуядан кийин жерине Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында барып, Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы менен сүйлөшүп алып, аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырышкан.
Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюнча катталып, тергөө иштери КР УКМК Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
6-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, айтылган кылмыштарга шектүү катары Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э.С. жана М.К. кармалышты.
Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сурак берип жатышат.
Айрым маалыматтар боюнча, кылмышка шектүүлөр Ош базарындагы чөнтөкчүлөрдүн “крышасы” экендиги жана ушул “иштер” аркылуу милиция кызматкерлери менен тыгыз кызматташат. Баса, ошол кылмыш тартылган видеодо бирөөсү “... менин милицияда “крышам” бар деп бекер айтпаса керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити