Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 146

Мындан бир нече ай мурда белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн белгисиз каракчылар тоноп, өзүн сабап кеткендиги тууралуу кабар коомчулукту сестенткен болчу.

Албетте, бүгүнкү күндө уурулук, каракчылык жаңылык деле болбой калды деңизчи. Бирок жалпы элдин сүймөнчүгү болгон ырчынынын апасын тоноого кимдин колу барды деп таң калганбыз.

 

Ал эми ушул жумада шаардык милиция Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн бирине карактоого кирди деп шек саналган жаран кармалганын маалымдады.

Милициянын маалыматында, 6-май күнү карактоо болгону тууралуу арызданып А.Д. аттуу шаар тургуну кайрылган. Арызда анын Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө түнкү саат 1:45 чамаларында беткапчан куралданган кишилер кирип, күч колдонуп 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кеткени айтылат.

 

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене («Карактоо») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция шектүүнүн изине түшүп, Каракол шаарынан 24 жаштагы Б.М. аттуу жаранды кармаган. Кармалган учурда анын автоунаасынан далил буюмдар табылган. Учурда шектүү жаран камакка алынды. Башка кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери уланып жатат.

 

Ырчы Мирбек Атабеков укук коргоо органдарынан, соттордон бул фактыны акыйкат иликтеп, аягына чыгарууну өтүнүп жатат.

 

Эми милиция кызматкерлери башы ачылбай жаткан башка да катардагы жарандардын үйүн тоногондордун сары изине түшүп, кармаса жакшы иш кылган болмок.

 

 

 

Булак: “Майдан. кg” гезити