Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 155

Байлар менен экс-чиновниктер эриккенде Ысык-Көлдүн бир тарабынан аркы жээгине сүзүп өткүсү келип калабы же бул да элге таанылуунун бир ыкмасыбы, айтор акыркы күндөрү Көлдү “багындыргысы” келгендердин катары көбөйүүдө.

Ушул “салтты” улап, 31-август, Эгемендүүлүк күнү Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев чабак урган экен. Бирок арадан 5-6 саат өткөндө шамалдан улам толкун болуп, аны коштоп бараткандар таппай калышкан.

 

Ал эми Асрандиевди Ысык-Көлдө сүзүп баратканда коштоп жүргөн Нарынбек Кемеловду куткаруучулар түнкү саат 12ге чукул көлдүн ортосунан табышкан.

 

“Мен Эркин Асрандиевдин келинчегинин бөлөсү болом, буга чейин да көлдү сүзүп өтүп жүргөндө дайыма жанында жүрчүмүн. Бул жолкусун да мени “коштоп жүр” дегенинен дароо макул болуп, атайын даярдык көргөнбүз. Бул жолу Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылына чейин баратканбыз. Бул аралык 25 чакырымдан ашык, бул ультра сүзүү болуп саналат. Ал үчүн Эркин байке жакшы даярдык көрдү, ал тургай шамалдын согушун да эске алган. Анын божомолунда, кечки саат төрт-бештерде шамал Тору-Айгыр айылы тарабынан согуп, тескей жээкке батыраак сүзүп жетүүгө жардам бермек.Толкун кайыгымды оодарып салып, калагым сууга кирип кетти. Анан эптеп кайра кайыкты түздөп, ичине отурдум, куткаруучу чыптаманы (спасательный жилет) кийип алгам. Анан калактын ордуна шлепка менен эптеп 1-1,5 чакырымды сүзүп өттүм. Толкун башталып, Эркин байке менден 100 метрдей алыстап кеткенде эле жээктегилерге, жубайына да чалдым. “Келгиле, бизде катуу толкун болуп атат” десем, тамакка кеткен моторлуу кайык толкун алардын да кайыгын оодарып атканын айтып, “чыга албайбыз” дешти. Толкун менин да кайыгымды оодарып салгандыктан, чөнтөк телефонум иштебей, кайра байланыша албай калдым. Мени түнкү саат 12лерде табышты, ойлогон деле эмесмин. Таң атса, эптеп жээкке жетээрмин дедим. Эң башкысы Эркин байкенин аман-эсен табылышын тилейм. Анын белинде байланган буёк бар, аны кучактаса чөкпөйт. Менин оюмда Эркин байке сүзүп чыгып кетти,”- деп айтып берген эле ал.

 

Асрандиевдин дайынсыз жоголгондугу өкмөт башчысына чейин жетип, ӨКМ баш болгон куткаруучуларга кабар берилип, бүтүндөй Тоң районунун эли куткаруу ишине тартылды. Кудай жалгап, ал Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээктен 1-сентябрга караган түнү саат экилерге жакын аман-эсен табылды.

 

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. кg” гезити