Инвестор жөнүндө сөз
31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгын майрамдоо алдында турабыз. Айтканга оңой болгону менен, бул мезгил аралыгында бир топ тайгак кечүү, тар жолдорду басып өтүүгө аргасыз болдук. Өз алдынча мамлекет болгонубузга сүйүнүп, тебетейибизди көккө ыргытып кубанган менен, там-таң басып кетүү көптөгөн союздук мамлекеттер сыяктуу, бизге да кыйын болду. Эгемендүү мамлекет дегениң жаңы үй-бүлө сыяктуу эле турбайбы, өз алдынча түтүн булатып, жашап кетүү кандай кыйын болсо, бул мамлекеттик масштабта кайталанчу кайрык тура. Натыйжада, экономиканы бир калыпка түшүрүү абдан оор болду. Жумуш орундары жоктон, жүз миңдеген мекендештерибиз башка мамлекетке иш издеп кетүүгө аргасыз болушту. Азыр да экономика өз ордуна келе албай, аракеттин үстүндөбүз. Мына ошондой оор учурларда, экономикабыздын от алышына инвесторлордун кошкон салымдары чоң болгонун, алар азыр да бюджет толтурууда маанилүү роль ойноорун айта кетсек, ашыкча болбостур...
Кыргызстандын эгемен экономикасынын бутка турушуна салым кошуп келе жаткан инвесторлордун бири – “КАЗ Минералс” компаниялар тобу. Казахстандан келген ак ниеттүү инвестор алыскы Ала-Бука районунда “Бозымчак” жез кенин иштетип келе жатат. Кыргызстанда бул компания өз ишин 2007-жылы “Казахмыс Голд Казахстан” катары баштап, кийин 2015-жылы “KAZ Minerals Bozymchak” болуп атын өзгөрткөн. Ошол эле жылы тоо-кен байытуучу комбинат ишке кирген.
Компаниянын ушул күнгө чейинки инвестициялык салымы 430 млн доллардан ашкан. Бюджетке салык жана башка милдеттүү төлөмдөр иретинде ушу тапка дейре 2,8 млрд сомдон ашуун каражат түшүргөн.
“Бозымчакта” жездин запасы – 140 миң тонна, алтын – 23 тонна, күмүш 144 тонна.
Тоо-кен байытуучу комбинаты жездин даяр концентратын гана чыгарат. Анын тоннасындагы жездин үлүшү 23.4 пайыз. Алтындыкы 1 тоннада 0,034 грамм. Жылына 30 миң концентрат Балхашка жөнөтүлүп, ал жактан гана жезди ажыратып алышат.
“Бозымчакта” кенди ачык түрүндө казып алуу иштерине берилген лицензия 2028-жылы бүтөт. Бирок, компания азыртан кенди жабык түрүндө казып алуу иштерине чалгындоо баштап, ага да миллиондогон инвестициялык каражаттарын салууда.
Президент С.Жээнбековдун стратегиялык иш пландары айылдарды өнүктүрүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду жандандырууга багытталганы бекеринен эмес. Айыл эли өнүкпөсө, турмушу онолбосо, анда Кыргызстанды өнүктүрүү тууралуу кеп да болушу мүмкүн эмес. А айылдарда эл оокаттуу аймактарга, башка мамлекеттерге көчүп кетпеши үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү аба менен суудай зарыл нерсе болуп турат. Жаңы жумуш орундары качан гана ак ниеттүү инвесторлор айылдарды аралай баштаганда түзүлөөрү да айныгыс чындык. Мына ушул логикалык айлампаны алып караганда, “Бозымчактын” ишке кириши алыскы Ала-Бука району үчүн орусча айтканда, “свет в конце тоннеля” дегендей эле болду. Анткени, компания миңдеген жумуш орундарын түзүү менен район элинин миграциясын токтотууга өз салымын кошту, жергиликтүү инфраструктуранын өнүгүшүнө кыйла каражатын салып келе жатат. Эң маанилүүсү – “Бозымчак” ачык компания болгондуктан, ишмердүүлүгүн ачык жүргүзүп келет, мыйзам талаптарын дайыма биринчи орунга коёт. Эгерде сиз Ала-Бука, Чаткал аймактарына барган болсоңуз, көп сандаган чатырча шаарларды көрө аласыз, анын баарын кытайлыктар иштетип келишет. Башаламан, эскиче алтынды чайкап олтурушканын көрүүгө болот. Ошентип эле канчалаган алтындарды ташып кетип жатышат. Бирок, алар мыйзамга баш ийбейт, салык төлөбөйт, өйдө жактагы крышаларына кирешесинен бөлүшкөн үчүн, эч ким даап тийише албайт. Буга салыштырмалуу, “Бозымчак” Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлаган, ачык ишкана. “КАЗ Минералс” компаниялар тобунун акциялары эл аралык биржаларда жайгаштырылган. Ошондуктан, мыйзам бузуу жалпы компаниялар тобунун кадыр-баркына доо кетириши мүмкүн болгондуктан, ар бир кадамын расмий бийлик менен эсептешип жасаганга көнүп калышкан.
“Бозымчактын” эгемендүү Кыргызстандын экономикасына, компания жайгашкан аймакка кошкон салымдарын сандар менен караганда, сыймыктануу сезими жаралары шексиз. Айрым урунтуу жерлерине гана токтоло кетсек. Мисалы, “Бозымчак” компаниясы 2007-жылдан 2018-жылга чейинки убакытта Кыргызстандын бюджетине жалпысынан 21 миллион доллардан ашуун каражат түшүргөн. Ошол эле учурда, аймактын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртуу максатында түзүлгөн Өнүктүрүү фондуна жыл сайын кирешесинен 12 пайыздык чегерүү жасап, ал ушул кезге чейин 400 миллион сомдон ашкан. Бир эле Көк-Таш аймагына мунун ичинен 81 млн сом жуишалганы көп нерседен кабар берет.
Президентибиздин аймактарды өнүктүрүү демилгесин “Бозымчак” башынан бери эле колдоп келе жатканына жергиликтүү маанидеги социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө кирешеден 2 пайыз бөлүнүп келгени далил. 2018-жылдын ичинде эле өнүктүрүү фондуна 127 миллион сомдон ашуун каражат түшкөн, анын 25 миллион сому Көк-Таш айыл аймагына жумшалган. Азыр аймакта бул каражаттарды кайда жумшаарын билбей, баштары катып турган кез. Анткени, мектеп, бала бакча, мечит, жол, ФАП ж.б. зарыл инфраструктуралык объектилер буга чейин эле компаниянны колдоосу менен заманбап нукта жаңыланган болчу. Бул аймакка баргандар тамашалап, “ушунчалык байып кетиптир, айыл өкмөт акчаны кайда жумшашты билбейт”- деп күлүп калышат.
ххх
“Бозымчак” жез-алтын комбинаты иштей баштагандан бери жергиликтүү тургундар колунда бар нерсесин сатып, кызматын көрсөтүп, турмушун тыңдап келе жатышат. 2012-жылдан бери компания жегиликтүү тургандардан дээрлик 103 миллион сомдук тамак-аш продуктыларын сатып алган. Негизинен эт, сүт, шире ж.б. нерселер алынат. Айрым чет өлкөлүк компаниялар жада калса картөшкасынан бери өз жеринен ташып атышпайбы. Буга салыштырмалуу, “Бозымчак” баарын жергиликтүү элден сатып алып, башка инвесторлорго жакшы үлгү көрсөтүүдө. Мындан тышкары, компания Көк-Ташта жайгашкан тигүү цехтеринен да материалдарды сатып алууда. Айткыбыз келгени, “Бозымчакка” өндүргөн продукцияларын сатуу менен аймакта ишкерчилик өнүгүп жатат, жашоочулардын турмушу оңолууда. Эн башкысы, жаңы жумуш орундары түзүлүп, миграциялык агым азайган. Ал эми комбинаттын өзүндө иштеген жергиликтүү тургундардын тиричилик оокатын барып көрсөңүз, жүрөк жылыйт. Ошон үчүн да, комбинатка байланыштуу нааразычылыктар негизинен, тигил же бул себептер менен ишке кирбей калгандар тарабынан гана чыгууда. Жакшылап сүйлөшсөң, акыры барып бир гана талапка токтошот, өзүн же башка бир тууганын жумушка киргизүү. Анткени, комбинатта иштөө алда канча пайдалуу экенин баары билишет.
ххх
Кыргызстандын көз карандысыздыгын коргоодогу эң бир маанилүү, жооптуу жумушту да “Бозымчак” жасаган. Алтын кен жайгашкан Көк-Таш айыл аймагына жетүү үчүн мурда Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүүгө туура келчү, электр энергиясын да ашыналардан алчубуз. А аларды билесиз, светти каалаган учурда өчүрүп коё беришчү. “Бозымчак компаниясы тарабынан ири көлөмдө каражат жумшалып, электр чубалгылары тартылып келингендиктен, мурда бул жагынан Өзбекстанга көз каранды болуп келген айылдарда свет азыркы тапта үзгүлтүксүз күйүп турат. Район борборунан бери көз карандысыз жол салынып, элге кызмат кылууда. Көк-Таш айыл аймагында жашагандар үчүн бул иш таза аба менен дем алгандай эле нерсе. Чыныгы эгемендүүлүктүн даамын сездирген компанияга анан кантип эл ыраазы болбойт? Керек болсо, суук көздөрдөн сактоого дайыма даяр болуп турушат.
ххх
Айрым активисттер тарабынан экологиялык талаптар көтөрүлүп, “булар алтынды казып алып кете беришет, эртең зыянын биз тартып, экологияга орду толгус жоготуулар келтирилип жатат”- деген тейде нааразычылыктарын айтып келишет.
“Бозымчакта” негизинен жез концентраты алынат. Андан баалуу металлдарды, биринчи кезекте жезди бөлүп чыгаруу Балхаштагы комбинатта жүргүзүлөт. Башкача айтканда, бул жерден концентрат гана алынып, ал темир жол аркылуу Казахстандагы фабрикага кетет. Ошол концентратты алууда суюк уулуу заттар колдонулбайт. Калдык кургак түрүндө чыгат, анын баарын бардык жагынан бекем тосулган калдык сактоочу жайга төгүшөт. Мисалы, жамгыр жаап, же кар ээрисе ал сууга аралашып, ылдый дайрага кошулуп кетиши мүмкүн да. Компания мына ушундай да нерсе болушу мүмкүн экенин эске алып, сыртка бир грамм да аралашма чыкпай тургудай дамбаларды салган.
“Бозымчактагы” калдык сактоочу жай 5-класстагы, б.а. эң жогорку сапаттагысына кирет. Бул класска эң эле зыянсыз калдык сактоочу жайларды кошушат.
Кыргызстандын тийиштүү органдары да калдык сактоочу жайды текшерип, анын кынтыксыз экенине ынанышкан. Айтып кетүү зарыл, “Каз минералс” компаниялар тобу башка өлкөлөрдө да ушул экологияга зыяны тийбеген технологияны ийгиликтүү колдонуп келет. Мурда калдык сактоочу болгон жайларда азыр калың токой пайда болуп, гүлдөрдүн бардык түрлөрү эгилип, көз жоосун аларын атайын барып келген адамдар да айтышкан, видеоматериалдар да бар.
Соңку сөз ордуна
“Бозымчак” өлкө экономикасына салым кошуп келе жаткан Кыргызстандагы ири инвестор экендигин баяндап бердик. Албетте, “башчы жакшы болмоюн, иш онолбойт”- дегендей, бул ийгиликтердин болушунда биринчи кезекте “КАЗ Минералс Бозымчак” компаниясынын баш директору Ильяс Валерьевич Тулекеевдин эмгеги зор. Тубаса таланттуу менеджер экенин баары билет. Бирок, ошол эле кезде И.Тулекеев элге жакын жетекчи экендигин Көк-Таш, Көк-Серекте карапайым адамдар көп айтышат. Жеке өтүнүч болобу, жалпы айылга тийешелүү көйгөй болобу, Ильяс Валерьевич ар дайым чечип берүүгө тырышат. Жеке анын адамдык сапатынын арты менен айылдарда канчалаган жумуштар жасалды. Бул жагынан алып караганда, Тулекеевди ала-букалыктар “биздин бала”- деп тергеп калышат.
Эмне дейбиз, ансыз да акыркы кезде инвесторлорду лупа менен издеп да таба албай жаткан шартта, биз мындай инвесторлорду сыйлап, сактаганга аракет жасашыбыз шарт. Президенттин бул жаатта жасаган билдирүүлөрүндө да ушундай ой камтылган...
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити