Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 174

"Башчыдан аттап өтүп өз билгенин кылган туура эмес..."

 

- Ички иштер министринин мурдагы орунбасары Курсан Асановдун кызматтан алынышына, ага тагылып жаткан айыптарга пикириңиз кандай?

 

- Укук коргоо органдарында тартип болууга тийиш. Башчыдан аттап өтүп өз билгенин кылган туура эмес деп ойлойм, анткени андай кадам кооптуу, операцияны жокко чыгарууга да мүмкүн.  А мындай жагдайларда камерага тарттырып пиар кылуу андан да эки эсе туура эмес. Министр учурунда эмне кылышы керек эле, ал изилдөөнү тапшырды. Жүрүп атат. Эгерде кызматтык изилдөөнүн жыйынтыгында коюлган айыптар аныкталса, анда күнөөлөөчү өкүм чыгышы да мүмкүн. Укук коргоо органдары интригалардан алыс болуп, үлгү болуш керек, эгерде Кашкар Жунушалиевдин ордунда Курсан Асанов болгондо ал деле эмне себептер менен ал өз билемдик кылгандыгын изилдөөнү тапшырмак.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити