Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 1142

Айылдык жашоонун формуласы

 

 

Кожоке айылынын төр жагынан орун алган “Алчалуу” дүкөнүндө арактын түрү сатылат. Арман түрдүү арак сатылган “Алчалуу” дүкөнүн Акылай аттуу айым иштеткени белгилүү болду. Айыл аксакалдары Акылайга “арак сатпа, арам болот” деп айта берип тилдери тешилгендери да ырас.

 

Арак ичип алышып айылда ар кандай мал уурулуктар болуп, жалпы журтту жадатып бүтмөй болушту. Аравандан келгендер, Кара-Булак айылында жашагандар баары эле мал ууру экен. Кожокеликтерди жылда какшатып малдарын уурдап турушат. Ал эми “Алчалуу” дүкөнүнүн арак саткыч сатуучусу Акылай ар-кыл арактарды токтоосуз сатып, айыл аксакалдарын көзгө илбейт. Бүт мал уурулар уюшуп келип, “Алчалуу” дүкөнүндө арак ичишип, Акылай менен ар дайым учурашып турушат дейт.

 

Ноокат шаарынан түптүз “Алчалуу” дүкөнүн көздөй куданын куттуу күнү түз жол менен зымырап айдап, аппак Мерс автоунаасы менен ак көйнөкчөн Жусуп Арипжан уулу арак ичкени Акылайдын дүкөнүнө жетип келет. Ноокат райондук оорукананын оорулууларга мамлекет тарабынан берилген продукталарды базардан сатып алып берүүчү кызматта. Койчу кызылдай акчанын ээси. Жусуп Арипжан уулу албетте аракты жалгыз ичпейт. Акылайдын “Алчалуу” дүкөнүндө Жаңы-Базардагы Көк-Бел аймактык ооруканасынын продукта ташуу боюнча совхозу Марат Маматов экөө жакын дос, мына ушул эки ашинага дагы айылдагы ашиналары Нурлан, Кубаныч жана башка үлпаттар толтура. Кожокеликтер, оо, Жусуп менен Мараттын чөнтөктөрү калың, булардын чөнтөгүнөн акча үзүлбөйт, өтө крутой көрүнгөн балакайларды тамшангандар абдан эле көп. “Акылай, арактан бирди бер ээ”. “Марат, бир бутылка арак неге жетсин, алсаң бир жолу төрт бутылка алып, Кош-Чан дарыясын бойлоп баралы”- деген Жусуптун сунушу жага берет Маратка. Шарпылдаган Кош-Жан дарыясынын боюнда кызымтал болуп кылгырып отуруп Жусуп Арипжан уулу: “ээ, сенин башың барбы өзү Марат, сен жакында айыл өкмөт башчысы болосуң, шеф айтты”- дейт имиш. Ноокат райооруканага оорулуулар үчүн күнүнө 400 даана буханка нан керектелсе, анын 100 (жүз) даанасын эле оорулууларга берип, калган 300 (үч жүз) даанасын нан акча кылып алышат. Күнүнө оорулууларга берилүүчү эт, сүт, күрүч, макарон, май жана башка продукталардан шефи экөө тең бөлүшүп, нан, акчага туйтунушат дешет. Оорулууларга берилген продуктанын нормасы (меню) эч кимге көрсөтүлбөйт. “Текшерүүчүлөр келип калса Асамидин Мариповдун баласы Эсептөө палатасынын башчысы, бизге ким тиет эле”- деп Марат ырсайып күлүп коет. “Ээ, сен нени билесиң, Асамидин аканин чөбүн чаап, алмасын дарылаганга, картошкасын казганга биздин айылдыктар Нургазы менен Напин барбай коюптур, энеңди эми не болот. Ээ шефиң Асамидин өтө эле ач көз экен. Неге дейсиңби, ээ, арактан битта куйгун, азыр мен сага не болгонун айтып берем. Мына мисал үчүн”- деп, сөөмөй колун өйдө көтөрүп, Жусуп Арипжан уулу сөз баштады:

 

- Ээ райооруканага 150 миллион (бир жүз элүү миллион) сом акча бир жылда мамлекеттен бөлүнөт дейли, кана ошол акчалар, элге иштейби? Иштебейт, дары-дармектер бекер берилиш керек эле го, эч качан простой оорулууларга бекер берилбейт. Алар аптекалар аркылуу сайылып нак акчага айланып, Асамидиндин чөнтөгүнө түшүп турат, эми түшүндүңбү ээ, эшек баштар дебесе, эл дейсиңер, оо шефтин баласы Эсептөө палатасынын төрагасы болгондон бери мына минтип бизге кудай берип койбодубу? Эч ким бизди текшере албайт, прокурор СНБлар жакын жолобойт, эми түшүндүңбү, дүмбүл десе... Зулпуев атындагы айыл өкмөтүндөгү неврология бөлүмүнүн имаратына 60 (алтымыш) миллион сом сарптап койду. Андай акчага эки жолу неврология бөлүмүн салса болмок. Ээ ону айтып не кыласың? Асамидин ака угуп калса, Айнурага айтып туруп жумуштан айдап жиберет. Арактан куй досум, амандыгыбыз үчүн алып жиберели. Райбольницанын инфекция бөлүмүнө 40 (кырк) миллион сом бюджеттен бөлдүрүп Алмаз Атамбаев досум болот деп туруп, ашкан акчаны ап деп койду.

 

Асамидин Марипов азыр 73 жашка чыкты. Жаштарга бергиси жок. Ээ өлүп кетсин, Асамидин иштеп турса экөөбүз жыргап жүрө  беребиз. Алик келип калса башкы врач болуп өлдү деп кое бер, экөөбүз тең токочубуздан айрылабыз. Мага баары бир. Асамидин аканин ач көздүгүн айтып жатам да,- деп өкүнүчтүү үшкүрүнүп Жусуп башын жерге салып отуруп калды. - Мындай Мариповдун мафиясын бирөө билип калса сага кыйын болуп жүрбөсүн. Мени иштен айдай албайт. Асамидиндин өзүн түрмөгө отургузуп коюш дагы эле колумдан келет.

 

- Кантип шефке алың жетет эле, оо жогору жакта Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов баласы турганда. Сен жөн эле шефти түрмөгө тыгам деп мактана бербе,- деп Марат Маматов чебелектеди.

 

- Ээ, сен билбейсиң, Марат мадырабаш десе, 24 миллион сомдук жабдыктары менен физкабинетти өрттөп жиберди, жооп бердиби, жоок. Өзүнүн үйүнө жеке жумуштарына, айтайлык буудай орокко, чөп орокко, аларды жыйнаганга, малдарын караганга, көң чыгарганга, алма тергенге, картошка казганга, сабиз отогонго жана башка гектарлаган жерлерин иштеткенге Ноокат райбольницасынын кызматкерлерин, врачтарды, медсестра, уборщица, электрик, шофер, совхоз, кароолдорду тыным алдырбай кулдай иштеткени жалганбы? Мамлекеттен айлык берип өзүнүн иштерине бепбекер иштетип, кыйнап сөгүп жүрүп жумшаганы жалганбы? Асамидин ач көздүн ишине барбай койгон кызматкер жумуштан куугунтукталып кетери жалганбы, көп сүйлөбөй арактан куй, ушундай арман көп адамдарда,- деп Жусуп көзүн жүлжүйтүп сүзүп койду,- так, что мени менен тамашалашпа үка...

 

- Ээ эми, шефтин мындай мыйзамсыз жасап жаткан иштерин жогорку бийлик органдары билип калса не болот,- деп Марат Жусупка суроолуу карады.

Жусуп көзүн жумуп, кайра ачып туруп?

 

- Сен дагы эле билбейсиңби, шефтин досун, мурдагы эле президент азыр тополоң кылам деп коркутуп жаткан Алмазбек Атамбаев менен жакын дос эле. Эми Сооронбай Жээнбеков досум деп мактанып жүрөт. Асамидин өлөт дейсиңби, эч нерсе болбойт. Биринчи Акаевдин партиясында эле, андан “Ата Мекенге”, Коммунисттердин партиясынан “Ак Жол” партиясына, СДПКга ар бир бийликке келген партияга кире качып жан сактап жүрө берет, “хамелеон” десе,- деп кыжынып койду Жусуп Арипжан уулу,- Ээ, болду саясатыңды токтот, арактан куй  Марат дос, жакында сен айыл өкмөт башчысы болосуң мадырабаш, анан сенин шефиңдин баласы Жогорку Кеңешке депутатка коет, ага чуркайсың- деп сөзүн тамандады.

 

Тоо койнунан соккон салкын жел, шарпылдап аккан тунук суунун боюнда ушинтип күндө эки дос келип чер жазышат. Буларга Кожоке айылынын тургундарынын көпчүлүгүнүн көздөрү күйүшөт, күндө ары-бери баскандар Жусуп Арипжан уулу менен Марат Маматовдор кайдан акча табат болду экен деп, өз ара сөз кылышкандарын жашырышпайт. Бардык иштин башталышы менен бүтүшү болот. Асамидин Мариповдун жана анын шайкаларынын да бүтүшү болот. Мурзакулдар деле кумга сиңген суудай изи калбай бейкабар тукум курут болуп жок болуп кеткен Ноокат жергесинде кара таман элдин акысы оңдурбайт. Анын үстүнө Президентибиз мына ушул Мариповдой таза иштегенди билбегендер менен аеосуз күрөш жүргүзүүгө чакырык таштап келет эмеспи, ишинде ийгилик болсун.

 

 

 

Токонбай Жусуптегин, Булак: “Майдан. kg” гезити