Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 111

5-августта түштөн кийин Кыргызстандын Лейлек районуна караштуу Максат айылы менен Тажикстандын Гафуров районунун Овчи-Калача айылынын ортосундагы футбол талаасы деп аталган жерде эки өлкөнүн жарандары чогулуп, аз жерден чыр-чатак чыгып кете жаздады.

 

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, ортодогу тактала элек тилкеде пикир келишпестик чыккан.

 

- Тажик жарандары “футбол аянтчасын тазалайбыз” деп келишкен экен,- деди Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү. - Ал жер кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек тилке болуп эсептелет. Кыргыз чек арачылары барып, ал жер тактала элек экенин, андыктан эч нерсе жасоого болбой турганын айтышкан. Ортодо пикир келишпестик жаралган, бирок түшүндүрүү иштеринен кийин тажик жарандары футбол аянтчасынан чыгып кетишкен.

Бөрүбаева кошумчалагандай, окуя болгон жерге эки райондун акимдери жана чек арачылары барышкан. Азыр абал туруктуу.

 

Тажик тараптын расмий органдары бул тууралуу азырынча маалымат жарыялай элек.

 

“Тажикстандын жана Борбор Азиянын жаңылыктары”- деген сайт ал жерди кыргыз жарандары базар катары колдонорун, тажикстандыктарга каршылык көрсөтүлгөнүн жазып чыкты.

 

Өткөн жылы да эки өлкөнүн ушул чек арасы тактала элек деп эсептелген аймагында жарандар ортосунда чыр чыгып, окуяга чек арачылар да аралашкан жана кыргыздар тажик жоокерлеринин куралын тартып алып, өздөрүн барымтага алган учур катталган.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити