Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 336

Көп кырдуу талант, дүйнөдөгү таасирдүү 100 айымдын бири, заманыбыздын кыздардын арасынан чыккан эң алдыңкы манасчы кызы, актриса, ырчы, алып баруучу, деги койчу катылып жаткан таланттары андан көп...

 

 

 

 

Дал ушул сапаттардын ээси Ширин Сарыгулова менен жылуу маанайда маектештик.

 

– Ширин эже, чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшсөңүз?

 

– Азыркы учурда отпускага чыгып эс алуудамын. Бирок эс алуу дегеним менен анын аркасында көптөгөн жумуштар бар. Окуучулар, студенттер жайкы каникулда жүргөндө мен дагы чыгармачылыкка бир аз көңүл бөлүп, пландарымды ишке ашырайын деп иштеп жатам. Буюрса убакыттан пайдаланып жакшы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырсам деген ойдомун. Жакында эле И.Дөөлөтова эжекебиздин “Кыргыз элим”, “Ойноок шамал” аттуу ырларына клип тарттырдык. Буюрса Кыргызстандын бардык телеканалдарынан көрө аласыздар. Жана ошондой эле К.Абдыкадыров агабыздын “Жигиттер” деген ырын аткарып чыктым. Бул да жигиттерге дем-күч бере турган патриоттук жакшы ыр. Мына ушуга азыр жакшы клип тарттырсам деп сценарийдин үстүндө иштеп жаткан учурум. Кожомкул атабыздын 130 жылдыгына карата Суусамыр жайлоосунда өткөн мелдешке атайын “Кожомкул ата” аттуу Б.Сарногоев агабыздын сөзүнө жазылган, обону жана аранжировкасы Ж.Мырзакулов иниме таандык ырды тойдун жабылыш аземинде аткардык. Эл да абдан жакшы кабыл алышты. Той да эң жакшы деңгээлде өттү десем жаңылышпайм. Ошентип Суусамыр жайлоосунда 3 күндөй сүт, кымыз ичип эс алып да келдик. Жайлоодо өткөн мелдешке көптөгөн балбандарыбыз барып катышты. Ал жакта кыргыздын күрөш, эр эңиш, тайган салуу, таш көтөрүү деген сыяктуу улуттук оюндары болуп өттү. Мына ушунун баарын биз тартып алып “Кыргыз элим” аттуу ырыма клип тарттык. Буюрса жакынкы арада көрө аласыздар.

 

– Эпикалык чыгармалардын көркүн ачасыз. Башка жанрга да баш багып көрүү, стилиңизди өзгөртүү тууралуу ойлонуп көргөнсүзбү?

 

– Албетте башка жанрды да ойлонуп көргөм. Бирок изденип жүрүп менде кандайдыр бир күч бар экенин сездим. Себеби сахнага чыкканда эле өзгөрүп, кандайдыр бир күч, образ келип, ырды да ошол деңгээлде аткарганга аракет кылам. Ошондуктан өзүмө берилген күчтөн кача албайм жана башка жанрда изденгим да келбейт. Анткени муну баатырдык, эпикалык жанр деп коет. Бул жанрды аткарыш да кыйын жана кайра жеңил-желпи образга түшүш да кыйынга турат. Ошол үчүн мен ар дайым кыргыз элинин жүрөгүнө руханий азык берип, жан дүйнөсүн ойгото турган, патриоттук этно стилдеги ырларды аткарууга тийишмин. Ал эми эстрада, жеңил-желпи ырлар менин табитимде эмес.

 

– Көп жылдан бери билим берүү тармагында да эмгектенесиз. Талапты катуу койгон мугалимсизби же тескерисинчеби?

 

– Театралдык окуу жайда жана искусство университетинде 15 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келем. Мени сыртымдан тааныгандар көбүнчө каардуу, сүрдүү жана урушчаак эже деп билишет. Бирок жакындан билип, жакшы сүйлөшүп жүрөгүмдү ача алган адам болсо мен дагы жүрөгүмдү болушунча ачып берем. Абдан боорукер жана мээримдүүмүн десем болот. Ар биринин мүнөзүнө жараша тилин таап, жакшы мамиледе болгонго аракет кылам. Ар биринин кыялын, жашоо турмушун, үй-бүлөсүн билем. Ошого жараша студенттериме колумдан келген жардамымды аябайм. Ар кандай учурларга туш келип калышса мен апа дагы, эже дагы болуп кеп-кеңешимди берип, жадагалса курсагын тойгузуп, кийим-кечеден бери жардам берем. Студенттерим окуу жаңы башталып колума түшкөн кезде титиреп турушат. Бир аз убакыт өтүп жакындан билген соң, керек болсо мени көзгө илбей тамашалашып, мени да тамашага салып Султан айым деп калышат. Бир чети элге ушундай талапты катуу койгон мугалим көрүнсөң жакшы экен. Бул да бир өзүнчө сыйкырдуу күч, кол жеткис мүнөз деп ойлойм. Себеби жөнөкөй, жоош мугалим болсоң эч ким тилиңди укпай, башыңа чыгып да кетишет. Ошондуктан күндө сабак учурунда жылдын 4 мезгили тең жүрүп турат.

 

– Коомчулуктун көзүндөгү адамдар ар дайым сын-пикир, ушак-айыңдын курмандыгы боло берет эмеспи. Сиздин реакцияңыз?

 

– Негизи мен андай сын-пикирлерге деле кабыла элекмин. Бирок биз маданият кызматкерлери алаканга салгандай эле көрүнүп турат экенбиз. Телевиденияда болобу, интернетте, социалдык тармактарда болобу элдин көзүндө жүрөбүз. Эл ар кандай сын-пикирлерин калтырышат. Эгерде сени эл сынга алып жатабы, сен жөнүндө сөз болуп жатабы, анда сен бул жашоодо кандайдыр бир ийгиликке жетише алдың. Сен бул жашоодо барсың. “Эл оозунда элек жок” дейт, ошондуктан эл айта берет. Ал эми сен өзүң каалаган, сен тандаган иш менен алек болуп, алдыга гана кадам жасай беришиң керек. Бирок сындын да туура айтылганы бар, туура эмеси да бар. Чын эле көрүп айткандар бар, көрбөй туруп ушак-айың чыгаргандар да бар. Ушунун баарын иргеп, ким кандай сын айтып жатканын да мугалим, психолог болгондон кийин билип калат экенсиң. Мугалимдик кесибим да шоу бизнесте көп жардам берет. Керектүү сынды эстеп алып коем, керексизин жөн гана башымдан чыгарып салам. Мурда көп сөздөрдү жүрөгүмө жакын кабыл алып, элдин сөзүнө капа боло берчүмүн. Ал эми азыр тескерисинче бардык сын-пикирлерди туура кабыл алганга аракет кылам.

 

 

Булак: «Фабула» гезити