Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 145

Абитуриент-2019


                       

Орто жана жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу өнөктүгү өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда абдан кызыды. ОшТУга кирип баратып, кубанычы койнуна батпаган майып кызга жолугуп, капыл-тапыл кепке тарттым.

                       

- Аты-жөнүң ким?

 

- Меңдиайым Сүйүнбай кызы.

 

- Кечирип коесуз, сылтып басканыңызга караганда майып өңдөнөсүз?

 

- Ооба. Экинчи топтогу майыпмын.

 

- Сүйүнгөнүңүздөн улам окууга өткөн окшойсуз, ээ?

 

- Туура эле баамдапсыз. ОшТУга документтеримди тапшырган элем. ЖРТнын жыйынтыгында 117 балл алыпмын. Университеттин кабыл алуу комиссиясы дагы өзүнчө чакан сынак-баарлашуу уюштуруп, акырында мени бюджеттик тайпага өткөрүштү.

 

- Чындык бар бекен?

 

- Албетте! Кыргызстандагы бардык ЖОЖдордой эле ОшТУда деле тааныш-билишчилик жана жемкорлук күч деп ойлогомун. Көрсө, абдан катуу жаңылыпмын. Буерде - ОшТУда теңирден тескери-мыйзамсыз көрүнүштөргө таптакыр жол беришкен жок!

 

- Меңдиайым,  окууга го акыры өттүң. Эми үмүттү актаар бекенсиң?

 

- Ошентип, ОшТУнун колдонмо информатика адитигине бюджеттик негизде окуймун. Университетти толук кандуу билим алууга заманбап шарттар жаратылыптыр. Болочокто модельер-дизайнер боломун. Анан Кыргызстандагы жеңил өнөр жайын өнүктүргөнгө колумдан келишинче салым кошсом деген изги тилектемин.

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 Булак: “Майдан. kg” гезити