Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 106

Кошуна Кытай бийлиги кыргыздын улуу “Манас” эпосунун өнүгүп-өсүүсүнө ар кандай шарттарды түзүп, колдоо көрсөтүп келет.

Буга дейре Үрүмчү шаарында “Манас” эпосуна арналган өзгөчө эстелик-комплекс ачылса, аз күн мурда Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусунун Ак-Тоо уездинде VIII-Эл аралык “Манас” маданий-туристтик фестивалы өткөрүлдү.

 

КР Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, фестивалдын театрлашкан ачылыш салтанатына 2 миңдей адам катышса, ага 10 миңден ашык адам күбө болду. Фестивалдын жүрүшүндө манасчылар “Манас” айтып,  элди кайсы бир жомок дүйнөсүнө сүңгүтсө, куш салуу, ат чабыш сыяктуу улуттук ат үстүндөгү оюндар көргөндөрдү таң калтырбай койгон жок. Мындан сырткары, кыргыз бийлери бийленип, күүлөр ойнолуп, салтык музыкалар жаңырып, ырлар ырдалды. Бул күнү кыргыздын улуттук маданий  мурастары даңазаланып, уккандын моокумун кандырып, көргөндүн көзүн кубантып турду.

Фестивалдын ачылыш салтанатында сөз сүйлөгөн Кызыл-Суу партиялык комитетинин катчысы Сун Вэньгуан “Манас” Эл аралык фестивалын өткөрүүнүн маанисине токтолду. “Биз эл аралык “Манас” фестивалы аркылуу туристтерге эпостун маани-маңызын жеткирип, Кызыл-Суу-Кыргыз автономдуу облусунда жашаган элдин маданий мурастарын, каада-салт, үрп-адаттарын, улуттук баалуулуктарын  даңазалоо менен бирге кыргыз элинин маданиятын пропагандалоону максат кылып атабыз”,- деди.

 

Ошону менен бирге Сун Вэньгуан жергиликтүү бийлик аталган иш-чарага өзгөчө көңүл буруп жатканын, анткени, фестиваль аркылуу жалпы Кызыл-Суунун имиджин көтөрүү, “Манасты”  эл аралык туристтик брендге айландыруу максаты коюлуп жатканын белгилеп өттү. 

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити