Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 97

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: “Пенсия ушул күздө жогорулайт, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр туруктуу иштеп жатышат” – деп билдирди.

Бирок канчага жогорулай турганын айткан жок. Сыягы сооротуу максатында 100-200 сом кошуп, көбөйткөн болушат окшойт. Анткени азыр казынада акча жок. Салыктан 3 жарым миллиард, бажыдан 5 жарым миллиард сом түшпөй калды. Жыл аягына чейин бул көрсөткүч канчага жетет айтыш кыйын. Бюджет болсо 20 миллиард сомдон ашык таңсыктык менен кабыл алынган. Ошондо жалпы казына жыл аягына дейре 35-40 миллиард сомдон куржалак калышы мүмкүн. Анан кайсы каражатка “айлык, пенсияны көбөйтөбүз” деп күпүлдөп жатышат, таң калбаганга арга жок. Экономика катып, инвестиция токтоп калды. Абылгазиев өзү “Мени отставкага кетирсеңер болот эле, Эсеп палатасынын жетекчилигин алып эс алайын” – деп суранып жүргөнүн эл өкүлдөрү кеп кылып жүрүшөт… Ал ортодо “Кумтөр” боюнча стратегиялык келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарууга байланыштуу жашыруун келишимге кол коюптур деген маалыматтар социалдык тармакта жайнап кетти…

 

 

 

Булак: «Фабула»