Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 114

Эксперт не дейт?


 

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев сөзүнө турган киши тура. Москвадан 25-июль күнү саат 19га келем деп убада кылды эле, анысын аткарды!

 

Анан кайда бармак эле, мекениндеги кылмыштары боюнча козголгон иштеринен Москвада жашынып калууга ким уруксат бермек эле? Кремлде Владимир Путин менен жолугушкандан кийин Кыргызстандын төртүнчү президенти кудай өзү сактасын, кокус катуу ооруп калса гана ал берген убадасын аткара албай, өз убагында келе албай калышы мүмкүн болчу.

 

Бирок, бактыга жараша андай болгон жок…

 

Эми мындан ары орус президенти Владимир Путин өзүнүн Кыргызстандагы экс-коллегасы Атамбаев менен жолукпай тургандыгы дайын болду. Анткени, Алмаз Атамбаевди визити Кремлде өтө эле таңгаларлык, жагымсыз таасир калтырды…

 

Путин жолугушуу жарым саатка созулуп, анда эмне жөнүндө  сөз болгонун кыска билдиргенине карабай, Атамбаевдин сүйлөшүүнүн маани-маңызын түп тамырынан бери өзгөртүүгө жасаган аракети таң калтырбай койгон жок!

 

Алгач протоколдук өзгөчөлүккө, Путиндин Атамбаевди кабыл алуудагы, аны чагылдыруудагы ауденцияга көңүл буралычы. Жолугушуу видеотасмага  да, фотосүрөткө да тартылган жок, сыягы, коомчулукка күтүүсүз конок менен жолугушууну көрсөтүүнү туура көрүшпөдү. Атамбаев тескерисинче  жолугушууну  элдин баары көрүшүн аябай каалаган эле. Журналисттерге орус лидери чыгып, “ооба, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум”- деп сөз арасында тастыктап өттү. Өз сөзүндө Кыргызстанда болуп өткөн эки саясий окуяны эске салып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн муну токтотуу керектигин билдирди.

 

Андан соң Путин негизги сөздү айтты: “Өлкө аракеттеги президенттин айланасына биригиши керек”,- деди. Андан ары Кыргызстан менен ири долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болгонун айтып, “Биз, албетте, учурдагы бийлик менен бул пландарды ишке ашыруу ниетиндебиз”,- деп баса белгиледи.

 

Мында сөз Кыргызстандын азыркы президенти Сооронбай Жээнбековду колдоо тууралуу болуп атканын жетишпеген же дүлөй адам гана түшүнбөй калышы мүмкүн. Ал эми Атамбаевди дүлөй деп шектенүүгө  болбойт, ага негиз да жок. Анда эмне үчүн Атамбаев Кремлде айтылгандарды чала угуп, чала түшүнүп калды?..

 

Кыргызстандын төртүнчү президенти Кремлдеги жолугушуу боюнча өзүнүн версиясын билдирип, оюна келгенди айтты, ошол эле мезгилде Кремль күткөн, жолугушууда Путин так жана ачык белгилеген позиция тууралуу ооз ачкан жок. Ал позицияны Путин Кыргызстан башынан өткөргөн эки олуттуу ички саясий жарылууларды - эки революцияны эске салып, “республиканын кызыкчылыгында эми муну токтотуу керек. Кыргызстандын эли азыркы президенттин айланасына биригиши керек”- деп билдирди. Бул Москва тарабынан Кыргызстанга, кыргыз саясатчыларына жана коомчулугуна жөнөтүлгөн чакырык (месседж).

 

Албетте, Атамбаевдин Россиянын чөнтөгүнүн эсебинен жана атайын кызматтарынын уюштуруусу аркылуу Москвага жасаган кыска жана чукул сапарынын жыйынтыгы ушундай натыйжа менен бүткөнүн көпчүлүгү түшүнүштү. Белгилей кетчү жагдай, дал ушундай атайын кызматтардын уюштуруусу менен жана бирөөнүн эсебинен баруу - бул “вассал-патрон” схемасы боюнча түзүлгөн мамиленин анык далили, мындай көрүнүш Атамбаевдин “москвалык калкалагычтары” менен болгон “достук” байланышына мүнөздүү…

 

Атамбаев мунун баарын кадимки эле көрүнүштөй кабыл алат окшойт, болбосо, Москвадан кайтып келгенден кийин учактын чыгымы 100 миң евро болгону аны ойлонтпой турганын, анткени чыгымдын баарын Россия тарап төлөй турганын айтат беле.  Эгерде анын жол киресин чет өлкөнүн лидери төлөп бере турган болсо, анда ал эмнеге  президенттикке келгенге чейин бизнесте, андан кийин президент катары Кыргызстандын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, экономикалык туруктуулугун камсыз кылууда чоң ийгиликтерге жетишкенин айтып, мактанып бүтө албай жүрөт?

 

Ошону менен бирге Атамбаев: “мен Москвага өзүмдүн жеке коопсуздугума кепилдик алуу үчүн барганым жок”- деп адатынча калп айтып  атат. Анын Москвага чоңдордун чакыруусу менен барганынын өзү эле анын “россиялык калкалагычы” бар экенин далилдейт.

 

Кремлдин бул аракеттери Кыргызстанда да 2018-жылдагы Армениядагы окуялардын алдын-алуу максатында жасалгандай. Анда бийликке келген Пашинян экс-президент  Роберт Кочарянды камакка алган. Россия мында ар дайым өзүнүн мурунку өнөктөшү Кочарянды колдоп келет.

 

Ал эми Кыргызстандагы окуяларда Россиянын Атамбаевди колдогону байкалбайт. Анткени, Кремлдин көзү менен караганда Атамбаев менен Кочарянды салыштырууга болбойт…

 

 

 

Аркадий Дубнов, россиялык саясий эксперт

Редакция тарабынан кыргызчаланды

Булак: “Майдан. kg” гезити