Компаниялар менен жергиликтүү жашоочулар ортосунда түз байланыш жок.
Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы инвесторлор менен жергиликтүү калтын ортосунда каршылык байма-бай пайда болуп турат. Пайдалуу кен байлыктарын казып алууга багытталган компаниялардын ишмердүүлүгүнө ошол аймактын жашоочулары каршы чыгып, токтотууга аракет жасаган окуялар көп. Мындан улам бул жаатта кандайдыр бир чечкиндүү иш аракеттерди жасоого убакыт келип жетти.
Бишкекте так ушул маселени чечүүнү максат кылган “Кыргызстанда жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын тынчтык жолу менен алдыга жылдыруу жана жер казынасын пайдалануу тармагында кеңешүү тажрыйбасын жогорулатуу” деген аталышта жергиликтүү коомчулуктун жана тоо-кен компанияларынын катышуусунда 1-бизнес-форум болуп өттү. Ага КР өкмөт аппараты, өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу Мамлекеттик комитети, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер Мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жергиликтүү коомчулугу жана бейөкмөт уюмдар, эксперттер, өнөктөштөр катышты. Аталган форумдун өткөрүлүшү жана анын максаты тууралуу адистер ой бөлүштү.
Шакират Токтосунова форум тууралуу пикирин мындайча билдирди:
- Бул форумда бардык кызыкдар тараптардын биринчи жолу чогулта алдык. Негизинен, ага Чаткал, Ала-Бука, Жети-Өгүз райондорунун өкүлдөрү катышты. Жакында эле Жети-Өгүз районунда уран кенин казуу боюнча чатак болгон. Конференцияга жергиликтүү жашоочулар, ири жана чакан компаниялар да катышты. Жергиликтүү калк менен мамиле түзүүдө маселелер жаралган кытайлык компаниялар да келишти. Иш чаранын башкы максаты – талкуу жана диалогду калыптандыруу.
Башка жагынан алып караганда, чакан топтордо ар бири өзүнүн сунушун айта алат. Биз өзүбүздүн өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эл аралык тажрыйбаларды пайдаланып, аны бул жерге калыптандыруу аракетин жасайбыз. Жүргүзгөн иликтөөлөүбүздүн жыйынтыгына ылайык, чыр-чатактардын пайда болушунун бир нече негизги себеби бар. Эң башкысы – маалыматтык вакуум. Компаниялар менен жергиликтүү жашоочулар ортосунда түз байланыш жок. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлиги дайым эле компетенттүү боло берет. А эл тоо кен компаниялары канти иштеп жатат, алардан кандай пайда болот – түшүнө беришпейт.