Инвесторлор санаасы
Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы инвесторлор менен жергиликтүү калтын ортосунда каршылык байма-бай пайда болуп турат. Пайдалуу кен байлыктарын казып алууга багытталган компаниялардын ишмердүүлүгүнө ошол аймактын жашоочулары каршы чыгып, токтотууга аракет жасаган окуялар көп. Мындан улам бул жаатта кандайдыр бир чечкиндүү иш аракеттерди жасоого убакыт келип жетти.
Бишкекте так ушул маселени чечүүнү максат кылган “Кыргызстанда жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын тынчтык жолу менен алдыга жылдыруу жана жер казынасын пайдалануу тармагында кеңешүү тажрыйбасын жогорулатуу” деген аталышта жергиликтүү коомчулуктун жана тоо-кен компанияларынын катышуусунда 1-бизнес-форум болуп өттү. Ага КР өкмөт аппараты, өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу Мамлекеттик комитети, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этностор аралык мамилелер Мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жергиликтүү коомчулугу жана бейөкмөт уюмдар, эксперттер, өнөктөштөр катышты.
Максаты эмне?
Форум тоо-кен багытындагы компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы туруктуу диалогду түзүүнү максат кылган. Ишкерчиликтин өкүлдөрүнүн, мамлекеттик түзүмдүн, жарандык коомчулуктун жана кен казуу тармагындагы кесиптик ассоциациялар ортосунда талкуу жүрүп, байланышты бекемдөө аркылуу инвесторлор менен жергиликтүү калктын мамилесин жакшыртуу мүмкүндүгү белгиленди. Ошондой эле International Alert компаниясынын “Кыргызстандагы кен казуу тармагындагы чечүүчү практикадагы таасир берүү жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын тынчтык жол менен жылдыруу” пилоттук долбоорунун бетачаар иш чарасы да болду.
International Alert – тынчтык диалог
International Alert – кен казуу компаниялары менен жергиликтүү элдин, айрыкча бул жааттагы ишмердүүлүк өнүккөн Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун жашоочуларынын ортосунда тынчтык диалогун орнотуу иштери менен алектенет. Бул эл аралык уюм конфликтерди алдын алуу программасы боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Долбоордун алкагында тренингдик программалар өткөрүлүп, диалогду мындан ары өнүктүрүү үчүн кичи гранттардын бөлүнүшүн камсыздайт.
Кен казуу жана жергиликтүү калк
Кен казуу компаниялары менен жергиликтүү элдин ортосундагы каршылык көп чыккан аймактар – Жети-Өгүз, Ала-Бука жана Чаткал райондору болуп саналат. Жети-Өгүз районунда Даркан, Саруу , Ала-Букадагы Көк-Серек жана Көк-Таш, ал эми Чаткалда Жаңы-Базар жана Каныш-Кыя айылынын эли бир нече ирет кен казуу иштерин токтотууну талап кылышкан. Акыркы үч жылдагы иликтөөлөргө караганда, аталган аймактардын эли тоо-кен иштерине көбүрөөк каршы. Бул жерде “эмне себептен?”- деген суроо туулат. Ага жооп издөөгө эки долбоор тартылган. Анын биринчиси - International Alert буга чейинки иликтөөлөрдүн негизинде көрсөткөн критерийлерге шилтеме кылуу менен иликтөө командасы аркылуу түзүлгөн. Экинчи долбоор дагы эле аталган эл аралык уюмдун эксперттеринин иликтөөлөрүнө толукталып, кен байлыктарын пайдалануу Мамлекеттик комитеттин консультациясы менен жыйынтыкталган.
Форумда так ушул конфликтердин келип чыгуу себептери чечмеленди. Эмнеге жергиликтүү калк компаниялардын ишмердүүлүгүн кубаттоого алышпайт? Эмнеге компаниялар элдин нааразычылыгын жаратууда?
Форумда чыр-чатактардын келип чыгышын иликтөө максатында Кыргызстандын бардык аймактарында фокус-топтор түзүлгөнү белгилүү болду. Алар сурамжылоого пайдаланылат. Мына ошондой сурамжылоонун жыйынтыгында, жарандардын тоо-кен тармагындагы компанияларга нааразычылыгы негизинен экологиялык мүнөздө болоору аныкталган. Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү кен казуу иштеринин узакка созулушуна тынчсызданышкан. Анткени, алар алтын казууга колдонулган цианиддердин уусу ондогон жылдардын кийин бөлүнүп чыгып, жаратылышка жана элге орду толгус зыянын тийгизет деген ишенимде. Ошондой эле жер алдынан радиациялык ыргытуулардын тобокелдиги тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлчү балдардын катарын көбөйтөт деп санааркашат. Мындай көз карашты айрыкча Жаңы-Базар жана Даркан айылынын жашоочулары карманышат. Каныш-Кыя жана Саруу айылынын эли компаниялардын ишмердүүлүгү жайыттардын булгануусуна жана дегредацияга учурашына жол берет дешет. Алар кен казуу ишмердүүлүгү саясатташып кеткенине тынчсызданып, жергиликтүү жана улуттук аткаминерлер атаандашынан көбүрөөк упай топтоону кааласа, так ушул маселени көтөрүп, катуурак кыйкыраарын белгилешкен. Мына ушул нааразычылыктардын сырткары компаниялардагы элдин ичин жылытпаган нерсе – жумуш берүүдөгү акыйкатсыздык. Компания жергиликтүү элден эмес, башка аймактан жумушчуларды жалдаганы, жумушка орношуудагы коррупциялык схеманын өкүм сүргөнү каршылашууну жараткан.
Нааразычылыктын дагы бир себеби – компаниялардын эл менен түз байланышынын жоктугунда. Мисалы, айрым аймактардын эли компаниялар жетекчилиги менен бир ууч топтун кызыкчылыгындагы жашыруун ишмердүүлүк жүргүзүп жатканына шектенишет, ал жердеги кызматкерлер керсейишип, өздөрүн текебер алып жүргөндүктөрүн айтып кыжырланышат. Мунун баары көпчүлүк компаниялардын жергиликтүү аймакка туруктуу өкүл дайындабаганынын кесепети, мындан улам эл алар менен түз байланыша алышпайт, арага ортомчулар түшүшөт.
Ошол эле убакта Көк-Таш айылынын жашоочуларынын кен казуу компаниясына нааразычылыгы жокко эсе экени белгилүү болгон. Бул компаниянын жергиликтүү эл менен түз байланыш түзүп, бири биринин пикирине кулак сала билип, алака-катышты бекемдетүү аракети менен болгону белгилүү.
Калп маалымат кайдан пайда болот?
Мындагы башкы себеп – жергиликтүү элге компаниялардын ишмердүүлүгү тууралуу жетиштүү маалымат жеткен эмес. Жашоочуларды көбүрөөк тынчсыздандырган маселе -компаниялардын экологияга келтирген зыяны болуп жатканын эске алсак, пайдалуу кен байлыктарын казып алууда адамдын жашоосуна, ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири тууралуу маалыматтарды үзгүлтүксүз берип туруу өзгөчө маанилүү.
Эгер компания жергиликтүү элди актуалдуу маалыматтар менен камсыздоого көңүл кош караса, же дарамети жетпесе, анда бул вакуумду пайда кылат. Ал жерге убакыттын өтүшү менен такталбаган, чындыкка коошпогон маалыматтар топтолот, бул өз кезегинде элдин нааразычылыгын, каршылыгын жаратат.
Элдин каалоосу – компаниянын кызыкчылыгы
“Кумтөр” менен “Бозымчакты” эске албаганда, дээрлик бардык компаниялардын жергиликтүү өнүктүрүү программасы жок. Аймактарды өнүктүрүү фонду негизинен инфраструктуралык, кичи жана орто бизнести, киреше алып келүүчү ишмердүүлүктү колдоо долбоорлорунан турат. Ал эми көпчүлүк компаниялар мындай альтернативалык программаларды колго алууга кайдыгер карашат.
Жергиликтүү элдин кызыкчылыгында социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу адатта тоо-кен компанияларына эч убакта уттурбаган чечим болоору бышык. Ошол эле учурда жергиликтүү жана улуттук кызыкдар тараптар жумушсуздук маселесин чечүү, өнөр алмашуу жана экономикалык өнүгүү жаатында пайда табышат. Компаниялар бир топ күчтүү социалдык лицензия менен камсыздалышат.
Булак: “Майдан. kg” гезити