Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 151

Ошондой эле аларга материалдык жардам дагы көрсөтүштү.

 

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен районунун акими Кеңеш Салихов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркап, ооруканада дарыланып жатышкан жарандардан кабар алышты. Ошондой эле аларга материалдык жардам дагы көрсөтүштү.

           

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жабыркагандардын ар бири менен өзүнчө баарлашып, аларга бекем саламатчылыкты жана жакшылыктарды гана тиледи. Ошондой эле чек аралаш аймактардагы  мындай окуялардын мындан ары кайталанбашы үчүн жергиликтүү калк, күч түзүмдөрү менен биргеликте тыгыз иштеп, мыйзамды так сактоосу зарыл экендигин эскертти. 

 

Ушул тапта Баткен облустук ооруканасында 17 жаран дарыланып жатат. Булардын ичинде октон, таштан, ар кандай жараат алган жергиликтүү тургундар, милиция кызматкерлери жана чек арачылар бар. Дарыгерлердин айтымында, булардын баарынын тең абалы канааттандыраарлык. Жалпысынан 22-24-июлдагы чекара жаңжалынан 31 жаран ар кандай даражада жараланып, ооруканага кайрылып, булардын 14үнө тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө чыгып кетишкен.

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Булак: “Майдан. kg” гезити