Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 174

М. Конгантиев: Ар бир жаран мыйзамга баш ийүүгө милдеттүү.

 

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы иш-аракеттери акылга да, логикага да сыйбай баратат. Фантазиялары да, ойлоп табуулары  да чексиз болуп бараткансыйт. Эптеп эле короосундагы элди кармап, коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу үчүн ушундай бир чети күлкүнү, бир чети кыжырды келтирген аракеттерди жасап жаткандыгы айтпаса да түшүнүктүү болуп  калды. Аргасыздан «…мурдагы президент түнү менен сценарийин жазып, эртеси күнү аны ишке ашырып аткан окшойт» деген ойго кептелбей койбойсуң.  «Бийлик күч колдонгону жатыптыр» дегендей чагымчыл маалыматтарды өздөрү таратып, кайра ага өздөрү реакция кылып, айтор мунун баары кырдаалды чыңалтуу максатында жасалып аткандыгын түшүнүү кыйын эмес. Ал өзүнүн жасап жаткандарына отчет берип жатабы? Ал чындап эле ушундай жолдор менен максатына жетем, жазадан кутулам деп ойлойбу? Качанга чейин бир ууч элдин артына  жашынып, аялдар менен балдарга корголойт?

 

Бул суроого Молдомуса Конгантиев жооп берди:

 

-Кырдаалды кантип чечүүнү ИИМдегилер ойлонушу керек. Ар бир жаран мыйзамга баш ийүүгө милдеттүү. Эгерде баш  ийгиси келбесе, анда ага мыйзам чегинде контрчаралар көрүлөт. Суракка чакыруу келдиби, анда кыңк дебей ага барышы зарыл. Күнөөсү жок болсо, анысын далилдеп берсин. Бул жерде татаал эч нерсе деле жок. Ал эми бүгүнкүдөй  тирешүү атайылап жасалып, элдин башын айландырып атат.

 

 

 

Майдан. kg” гезити