Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 203

К. Ормушев: Текебаев түрмөдө, Бабанов башка өлкөдө баш калкалоого аргасыз, а Атамбаевге укук коргоо кызматтарынын кызыгуучу күч болуп турган чак.

 

- Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин,  “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши, экс-депутат Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайрылып келиши – бул маселелерге чекит коюла албай жатканына көп болду. Же ары, же бери эмес...

 

Жогоруда аталган үч саясатчы тең бирге да, өзүнчө да саясий, каржылык, административдик белдүү ресурстарга ээ. Башка өлкөлөрдө, биздин өлкөдө, парламентте ар биринин тарапташтары бардыгы, алар колу жука адамдардан эместиги да белгилүү.

 

Бирок, бүгүнкү күндө булардын ар биринин реалдуу маселеси бар. Текебаев түрмөдө, Бабанов башка өлкөдө баш калкалоого аргасыз, а Атамбаевге укук коргоо кызматтарынын кызыгуучу күч болуп турган чак.

 

Текебаевдин электораты менен командасы кайсы бир деңгээлде сакталды, а бирок Атамбаев менен Бабановдун тарапташтарынын арасында олуттуу кайчы пикирлер жүрүп, курам сапат да, сан да жагынан начарлады.

 

Ошондуктан, Атамбаев, Текебаев жана Бабанов маселенин чечилиши создугуп жатат дегенге кошулам. Аны менен катар бул маселени чечүү учурдагы бийликке эмес, алардын өздөрүнө таандык. Эгер мурдагы президент, экс-спикер, экс-премьер-министр деген макамдарынын катарына экс-саясатчы деген аныктама да кошулуп калышын каалашпаса...  

 

Атамбаевдин вилласындагы окуялар акырындык менен аны пародиялардын жана анекдоттордун каарманына айланта баштады. Ошондуктан, кез-кезде Кой-Таштагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн жетекчилик бир топ чечкиндүү чараларды көрүшү керек деп айтылып калган сөздөр мага логикага туура келбегендей сезилет. Анткени, сыртынан караганда алсыз, бирок бийликке тымызын басым жасаган, ырдаган жана бийлеген башкы каарманы бар трагикомедиянын катышуучулары коомчулукка алардын королу, тактап айтканда, мурдагы президент саясий, электоралдык, анан да интеллектуалдык жактан “жылаңач” экенин көзгө сайып көрсөтүп салышты.

 

Бийлик  биринчи кезекте социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган маселелер менен алектенүүгө тийиш. А Кой-Таштагы кырдаалды жөнгө салууга  облус, район, ал турмак айыл өкмөттүк деңгээлдеги мамлекеттик органдар тартылса деле толук жетиштүү. Жергиликтүү масштабдагы окуяга республикалык деңгээлдеги мамлекеттик кызматтардын убактысын жана ресурсун коротуунун ылайыгы жок.

 

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити