Ызы-чуудан улам МККнын жетекчиси Алина Шаикова отставкага кеткен.
Айрым такталбаган маалыматтарга караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Кыргызстандын аймагынан чыгып кетти.
Эске салсак, ушул жылдын жаз айларында КР Мамлекеттик каттоо кызматында биометрикалык сырткы паспортторго бланк сатып алуу боюнча ызы-чуу болгон. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында, комиссия Garsu Pasaulis компаниясын жеңүүчү деп тапкан. Бирок, кийинчерээк борбордун райондор аралык соту МККнын тендердик комиссиясынын чечимин ушул жылдын 1-февралынан тартып жокко чыгарган. Мындай чечимге нааразы болгон Garsu Pasaulis аппеляциялык доо арыз берген.
Ушул күндөрү Бишкек шаардык соту компаниянын МККга болгон доо арызын карап жатат. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы биометрикалык сырткы паспорттордун бланктарын сатып алуу боюнча тендердин шарттарын бузуу фактысынын негизиндеги кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Ызы-чуудан улам МККнын жетекчиси Алина Шаикова отставкага кеткен.
Кийинчерээк ал өткөн жылдын декабрь айында аны жана президенттин кеңешчиси Дастан Догоевди УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырганын айтып чыккан. Ал билдиргендей, Кадыркулов аларды “Nota sis” швейцариялык компаниянын өкүлдөрү менен тааныштырган, а өкүлдөр болсо Кыргызстанга банкнот фабрикасын куруу сунушун киргизишкен.
Белгилей кетсек, “Nota sis” дүйнөдө корголгон кагаздарды (акча банкнотторун, паспорт бланктарын, диплом жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди) басып чыгарууга арналган жабдыктарды өндүрүү боюнча биринчи орунда турат. Мындай фабриканы куруу паспорт, айдоочулук күбөлүк, диплом, ал турмак атамекендик валюта чыгаруудагы жүздөгөн күмөн санаткан тендерлерди жок кылмак. Аталган мамлекеттик маанидеги документтер көп жылдардан бери чет өлкөлүк компаниялар тарабынан чыгарылып келатат, анан калса коомчулукта аларга карата түгөнбөгөн суроолор да бар.
Бирок, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Шаикова швейцариялыктардын сунушуна макул болгон эмес.
Аталган теманын айланасындагы кырдаал коомчулуктун катуу реакциясын жаратты. Жыйынтыгында, тергөөнүн жүрүшүнө таасир бериши мүмкүндүгүн белгилеген ушак, имиш кептер Кадыркуловду ар намыстын барк –баасын билген кадрдык офицер катары УКМКнын төрагалыгынан отставкага кетүү чечимин кабыл алууга түрттү.
Азыр мурдагы төрайым кайсы жакта жүргөнү так белгилүү эмес.
Булак: Аралаш