Ѳмүр парызы
(Философиялык бѳртүмдѳр)
Пендени кемсинткенден артык айбанчылык жок
Шарль Нодье
Көрүнгөн жерде кул болуп, кор болуп жүргөн ар бир кыргыздын тагдыры сай-сөөгүмдү сыздатат. Жумушсуздуктун азабын тартып, бозгун болуп жүргөн журтташтарыбыз канча. Алардын тагдыр бейнеси өлкөбүздүн жүзүн, азап-арманын да көрсөтүп турбайбы. Эмесе турмуштан жазылган тагдыр баян, пенде бейнеси назарыңыздарда. Окуп коюңуз, турмуштан тарткан азаптарыңыз дароо эске түшөт.
Жаңылбасам өткөн жылдын жаз айлары болсо керек. Колунда бар бир көпөстүн кызматчысын омуроолоп, сай-сөөгүнө жеткире сөгүп, кордоп чамгарактап, мына азыр челип кетчү “каманга” окшоп чамынып турганын көрүп зээним кейип кетти.
Адамдарды кордобогула, кадыр-баркын, укугун тебелеп-тепсебегиле. Колунда барлар, көпөстөр менен сүткорлор баймын деп көкүрөк керип бей-бечараны кагып силкип көңүлүн оорутпагыла, мээнет акысын жебегиле. Мансаптуулар өзүңөрдү элден жогору турабыз деп эсептебегиле, элден артык эмессиңер. Силердин байлыгыңар кайдан келгенин да эл өзү көрүп турат. Өз элиңерди эзип, тынчтыгын бузуп дүрбөтүп душман чыкпагыла. Өз кезегинде орус элинин улуу жазуучусу Л.Н.Толстой: “байлардын байлыгы байкуштардын көз жашынан куралат” деп айтканын билсеңер керек..
Ошентип, оомал-төкмөл опосуз дүйнөдө эгерим адамды кордой көрбөгүлө. Бардыгы бери эле жакта калат. Колдун кири сыяктуу дүнүйөгө, утурумдук мансапка төш кагып адамды басынтып зыян кылбагыла. Баарынан адам кымбат, адам бардык байлык дөөлөттөрдөн өйдө турат. Оомал-төкмөл бул дүйнө опосуз болорун унутпа, достум.
Казак элинин улуу акыны Абай Кунанбай уулунун: “Адамды жаман деген жанды алып келгилечи, тилин кесип алайын,”- деп айтканы бар. Ырас, жаман адам жок. Кемчилиги жок адам болбойт. Айтсаң адамдын кемчилигин айт, ишин айт. Инсандыгына эч качан тил тийгизбе. Жакшы ниет менен ушул адамдын иши оңолуп кетип жакшылык көрсө экен деп ак тилегиң менен айт. Сенин адам болуп турганыңды ушул сөздөрүң ырастайт. Эч качан адамга ороңдоп сүйлөп, көңүлүн оорутпа, басынтпа, бул көрдөй адамдын жосуну болот. Жакшы адам адамды агартып сүйлөйт. Асти, адамдын кадыр-баркына, инсандык аброюна шек келтирбе достум. Кудайдын пендесине шек келтиргендей сен ким элең. Көп болсо болсо байлыгың, ашып кетсе мансабың бардыр... Ошону билип кой. Адамдын инсандык кол тийбестиги, кадыр-баркы теңирдин мыйзамы менен корголуп турат.Адамды кордоого болбой тургандыгы, ал мыйзам менен корголору Конституциябызда да жазылып турат. Ал эми силер мыйзамда жазылгандарды көпчүлүк учурда аткарбай коюп жатпайсыңарбы. Мыйзам деген буйлалаган төө эмес да, шоруңарды шорподой кайнатар бир азап да ушунда турбайбы. .
Ошол көпөстүн жосунсуз жоругун азыр да эстеп, жолуң болгур, шүйкүмүң кургур деп күңгүрөнүп алам. Кой-ай деп, кара жини таркасын деп кеп-кеңеш айтсам мага мурду менен тийип, адам айткыс дава айтып жатпайбы. Мен ал шүдүңгүт көпөскө эмне жамандык кылдым эле? Жакшы тилегимди айтып, ийгилигине кошо кубангандан башка кандай күнөөм бар эле? Же “бечараны кордобо” деп таламын талашып койгонго жазып калдымбы? Сага да кудай бардыр, баччагар! “Жакшылыкка жакшылык кылуу ар адамдын иши, жамандыкка жакшылык кылуу кылуу эр адамдын иши” деген элдик накылдан нуска алалы.
Мен да ушул накылга муюп келем. “Эр жигиттин ичине токулгасы менен ат батыптыр” дегендей. Бардык жамандыгыңды билмексен болуп келем. Бирок, сен “жамандык кыла берсем билинбей кала берет экен, ким билмек эле?”- деп жүрөсүңбү. Жаңылышасың кургурум. Түркөйлүгүң ушунда болуп жатпайбы. Эл билбейт дейсиңби. Төбөңдөн бир көз карап турарын бил. Мен барын көрүп, алдын ала туюп турам. Арам ойдун чапкынында калганда эле ниетиң бузулуп турганын сезип коем. Кээде ичиңе кара таруу айланбай калган тардыгың бар. Сенин азабың да ушунда, кантейин эми. Өткөндө айбандык кыялың ойт берип, жырткыч болуп ыркырап барып араң токтодуң. Жамандыкка ыкыс берип кордоп койдуң. Кудай кордобосун. Бул сенин өзүңө таап жаткан жамандыгың. Жакшылыктан танба. Жакшылыкты билбесең бир күнү кудай төбөңдөн урар. Бирок, анда бармагыңды кырча тиштегениң менен кеч болуп калат. Биротоло кеч болуп кала элегинде пейилиңди оңдо.
Адам баласы дүйнөгө азиз мейман, бир күнү дүйнө - өмүр менен коштошуп жер жазданып жатып калмагы бар. Кайсы күнү кимди ажал чалып кетерин билбейсиң, биле да албайсың. Бир кудай билет, бешенеге жазганын көрөсүң. Ошондуктан, ар дайым жакшы ой менен жаша, кудай жаштын тилегин берет. Сенден сапарлап чыккан ой кайра эле өзүңө тагдыр болуп кайтып турарын унутпа.
Сен “ушул жашоого тойдум, баарынан кечип кетким келет”- деп кудайга күнөөкөр болбо. Бул сенин алсыздыгың. Кудай берген жанды кудайдын өзү алганы жакшы. Кудай ар бир адамды бактылуу болсун деп жараткан. Ошон үчүн сен кудайдын өмүр бергенине сүйүнүп, шүгүрчүлүк келтирип жашоого үйрөн. Бактылуу болуу үчүн күрөшө бил. Бул да чоң искусство, чоң эрдик. Асти өлөм деп айта көрбө, “ошентсем бирөөнүн боору ачыйт экен, коркуп кетет экен”- деп ойлобо. Эгерим антип ойлонбо. Ар кимдин жаны өзү менен. Ошондуктан “өлгөндүн өз шору деп” коет элибизде. Тирүүлөр өз турмушун кечире берет. Жаны өзүндө, кошо өлүп кетпейт. “Ѳлгѳндүн ѳз шору” деген кеп да ошондон улам айтылып калган окшойт. Өлгөн адам деле бара бара унутулуп, элес-булас бозомтук тартып эске түшүп турат. Аны билгендер, эсине алып жүргөндөр деле бара бара четинен суюлда берет. Ушундай достум. Муну тагдыр деп коет, Ар бир пенде кудай бешенесине жазып койгонду көрөт.
Андан көрө ар бир жумур башта өлүм барын, өмүрдүн кандай өтүп жатканы менен иши жок ажал аңдып жүргөнүн эсиңден чыгарбай адамдарга боор ачып, мээрман, боорукер болуп жакшылык чачып жашаганга үйрөн. УУ чачып жүргөндөрдөн оолак бол. Аларга теңелбе, эрегишпе, жамандыгына жакшылык кыла бер.
Көрпенде деген сөздүн мааниси тереңде го. Бул дүйнө опосуз экени азыр сенин капарыңа да келе элек. Дайыма эле ушинтип сайрандап, тайраңдап жашап жүрө берем деп ойлойт окшойсуң. “Бул турмушта мен мыкты жашап жатам”- деп сүбөө көтөрүп, көкүрөк керип, бей-бечараны кемсинтип, кордоп жүргөндөн корк. Башка өлүм келгенде да “башкалардан өөдө турам”- деп опурулбай аста-секин жаша пендем. Заңгыраган бейит эстеликтерин көрүп жүрөсүңбү. Кимдин мүрзөсүнүн үстүнө гүл өнүп, кимдикине тикенек өскөнүн эл көрүп турат. Эл оозунда болгону болгондой аңыз кепке айланып кала берет.
Азыр колуңдан келишинче кончунан басып, өтүгүңдү төргө илип дөөгүрсүп, бей-бечараны кемсинтип, кызматы төмөнүрөөк жүргөндөргө эрдемсип турган убагың. Шапар тепкениң утурумдук экенин унутпа. Адам баласынын жылкы мүнөздүгү калбайт экен. “Жаман атка жал бүтсө жанына торсук байлатпайт”,- деп бир даанышмандын айтканы бар эмеспи. Мансабы таш жарган менен адам боло албай жүргөндөр канча. Өмүрдүн маңызы, бакыт деген мал-мүлк, байлыкта экен деп түшүнүп, ушул көр оокатка бүтүндөй өмүрүн басып берип, маңкурт болуп, байлык, мансап дегенде эт бетинен кетип, адамдык нарктан тайып, айбан кейиптенип бүк түшүп, бөжөктөп жүргөндөрдү көргөндө бир чети зээниң кейип, бир чети бооруң ачып кетет экен “бечара” деп. Байкуш өзүн өзү кор тутуп жүргөнүн биле элек да, жашоо маңызын түшүнбөсө биротоло билбей калары да бышык. Караңызчы пенденин жашоосун, Бири көр тирликтин айынан зөөкүрлөрдөн кордук көрүп жүрсө, дагы бирлери колунда бар туруп айбан кейпине түшүп, өмүрдү кор тутуп жатканын. Тагдыры болсо айла жок деген ушул.
Бул жарыкта жашоо маңызын аңдап сезе албай жүрүп өтүп кетип жаткандар канча дейсиң. Кайсы бирин айтасың. Өмүрдү барктай алгандар адамды кадырлай алат. Өөдөсүнүп керсейген болуп адамды кемсинтип кордогондор да өмүрдү барктай албай жүргөн көрпенделерден чыгып жатпайбы.
Жакшы адам эч качан адамдын көңүлүн оорутуп катуу сөз айтпайт. Көрпенде гана адамдын назарын сындырууну өнөр көрүп, ошону менен ырахаттанат, ити чөп жеп калганда өрөпкүп, айбандык кыялы ойт берип, азуу тишин арсайтып ыркырап турат. Киши айбандын тиш салуусунан пендени кудай өзү сактасын.. Оо, каралдым, уу жыландай заар чачып, азуусун айга бүлөп жарып салчудай болуп чамынып турган, оолукмасы бар пендеге жолой көрбө. Мындай учурда алар адам сыягы жок киши- жырткычка айланып турганын билип оолак жүр. Турмушта мындай наадандар четтен чыгат. Адамды кемсинтип, кордоп турбаса көрпенделердин ичкени ирим, жегени желим болуп калчудай. Эмнеге дебейсиңби, анын колунда бар, ташы жогору кулап туру, анан бирөөнү басмырлап турбаса кыйындыгы билинбей калбайбы. Мына көрпенделик түшүнүктүн жеткен чеги.
Эми достум, дагы бир кыябы келгенде адам пенденин бейнеси, тагдыр баяны жөнүндө аңгемебизди улантарбыз. Жакшы адам эч качан пенденин көңүлүн оорутпайт, Адам өмүрү аялуу болот, ар биринин тагдыры да өзгөчө, бири бириникине окшобойт, жылуу сөзгө, жакшы мамилеге зар болуп турат. Сен да адамды бооруңа тарт, эгерим көңүлүн оорутпа, колуңдан келсе жакшылыгыңды аяба. Өмүрдүн парызы ушундай.
Меңдибек Асылбеков, Булак: “Майдан. kg” гезити