Көкөй кести...
Белгилүү куудул Борончу Кудайбергеновдун депутаттар тууралуу тамашасы экс-президент А.Атамбаевдин айткандарынын алдында шоона эшпей калды. Эл өкүлдөрүн экс-президент “чимкирикке” салыштырган. Бул сөз айтылбаса деле, депутаттардын ишине элдин нааразычылыгы мурдатан бар экени белгилүү.
Учурда коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскартуу демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады. Депутаттардын санын кыскартуу, айлык акысын азайтуу жана аларга тийиштүү бардык артыкчылыктарын жоюу өлкө экономикасына оң таасирин бере турганы анык. Жарандык активисттер бул демилгени ишке ашыруу максатында кол топтоо жараянын башташканы да кабарланды.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын кыскаруу айтууга оңой болгону менен иш жүзүнө ашыруу татаал. Анткени, эл өкүлдөрүнүн саны Баш мыйзам аркылуу бекитилгендиктен, аны азайтуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек. А өзгөртүү киргизүү оңой нерсе эмес, элдин добушуна салынып, референдум өткөрүлөт. Демилгечилер басымды эл өкүлдөрүнө кеткен чыгымга жасашууда. “Биз алардын алгылыктуу иштерин көргөн жокпуз. 120 депутат биригип өлкө үчүн олуттуу нерсе жасай алышпады. Андыктан, аларга маяна төлөөгө милдеттүү эмеспиз”,- дешет демилгечилер. Мамлекеттик казынанын бараандуу бөлүгү элден жыйналган салыктын эсебинен толуп, бюджеттин көзүн карагандарга маяна болоорун эске алганда, коомчулуктун мамлекетке берип жаткан каражатын көзөмөлдөгөнгө акысы бар.
Депутаттардын айлыгы 28 миңден 35 миңге чейин жетет. Андан тышкары ар бир эл өкүлүнө айлык акы, сыйлыктар менен катар ай сайын кызматтык чыгымдарына 28 миң сом бөлүнөт. Анан дагы депутаттар жалгыз эмес, кеңешчилери, жардамчылары бар, алар да бюджеттин эсебинен оокат кылышат. Ошону менен Жогорку Кеңештин бир жылдык керектөөсү үчүн казынадан 800 миллион сомго жакын каражат кетет. Ушунча чыгымдын үстүндө отурган 120 депутаттын баары эле элдин өкүлү болуу милдетин толук кандуу аткара бербегени жашыруун эмес. Беш жыл депутат болуп, бирок жыйындарда бир үн катпаган, бир маселе көтөрүп чыкпагандар да бар. Андайларды эл тааныбаган бойдон калышат. Мындан улам чын эле алты миллион калкы бар Кыргызстанга 120 депутат көптүк кылабы деген суроо туулат.
Демилгечилердин депутаттардын санын эки эсеге кыскартуу сунушу канчалык деңгээлде туура? “Койчусу көп кой арам өлөт” дегендей, балким аз, бирок сапаттуу парламент маанилүү маселелерди чечип, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо алат? Бул боюнча эксперттердин пикирин угуп көрдүк.
Саясат талдоочу Эмил Жураев бул демилге экономикалык жактан алып караганда туура экенин танбайт. Бирок, ашыкча чыгаша, маанисиз керектөөлөргө бөгөт коюунун эл өкүлдөрүнүн санын кыскартуудан башка да жол жоболору бардыгын белгилейт. Ошондой эле, анын пикиринде депутаттарга ар кандай артыкчылыктардын берилиши ашыкча жоосун.
“Чыныгы укукка негизделген башкарууда депутаттарга эч кандай артыкчылыктын кереги жок. Бирок депутаттардын санын азайтуу деген өтө үстүртөн каралган жооп десек болот. Элдин атынан сүйлөөгө болгон мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн депутаттардын саны, парламенттин мүчөлөрүнүн саны элдин санына жараша мүмкүн болушунча көбүрөөк болушу керек. Калкынын саны боюнча бирдей болгон көп мамлекеттерди Кыргызстанга салыштырып карасак деле болот. Аларда деле жүз жыйырма, жүздүн тегерегинде. 35-40 депутат деген күлкүнү келтирет. Мунун өзү институттун маанисин түшүнбөгөндүктөн кабар берет”,- дейт саясат талдоочу.
Ал эми саясат талдоочунун пикиринде, коомчулукта мындай демилгенин пайда болушу депутаттардын жалпы курамынын сапатсыз болуп жатканына байланыштуу. Азын-оолак депутаттын үн катып, өлкө үчүн күйүп-бышканын көргөнүбүз менен көбүнүн жада калса аты-жөнүн билбегенибиз элди “көп суур ийин каза албайт” деген ойго түртүп жатат дейт.
“Депутаттардын жалпы курамы азыр кандай болуп жатканын байкап турабыз. Алардын көпчүлүгү элге белгисиз болуп, унчукпай олтурат. Бул албетте, ошол депутаттардын алсыздыгынан, аларды алып келген партиянын өзгөчө бир стратегиясы, өзүнүн функциясы жоктугунан кабар берет. Бирок, бул “120 депутат көптүк кылат экен”, “120 депутаттын кереги жок экен”- деген тыянакка алып келбейт. Кээде депутаттардын маяналары боюнча айтылган сөздөрдү анча-мынча угуп калып жүрөбүз. Бирок, биз парламентти, мамлекеттик жогорку институтту өзүбүздүн кичинекей айылдагы фирмадай карабашыбыз керек. Бул мамлекеттин эң эле негизги, маанилүү институту болуп эсептелет. Парламентти мамлекеттин аброюу десек болот. Бул орган өтө салмактуу жана чоң болушу керек”,- деп белгилейт Эмил Жураев.
Барган сайын бул маселе коомчулукта кызуу талкууга алына баштады. Соцтармактардагы пикирлердин басымдуу бөлүгү депутаттардын санынын кыскарышын колдоого алышты. Колдонуучулардын бири мындай пикир калтырган: “Жыл сайын 120 депутаттын айлыгы, автоунаасына күйүүчү май, жашаган батиринин коммуналдык акысы, мамлекет тарабынан бекер батир, чет өлкөгө иш сапарына кеткен акча ж.б. болуп олтуруп бюджетке бир канча миллиарддаган сом чыгаша келтиришет экен. Өзү кичинекей өлкө болсок, анан эмнеге 120 депутат болуш керек, түшүнбөйм?! Ар бир облустан эки депутат болсун, ошондо 14 депутат жетет. Мейли, ал аз десек, 20сы калсын, калган 100 депутатты эмнеге багабыз, жөндөн-жөн эле бюджетке зыян келтирип?! Андан көрө ошол акчадан мугалимдерге, дарыгерлерге айлыкты көтөрүп, балалууларга жөлөк пул кылса болбойбу”.
Албетте, коомчулукта ар түрдүү пикирлер жаралат. Бири билип айтса, кээ бири кызуу кандуулукка алдырышып, маселенин үстү жагына гана көз чаптырышат. Парламенттин иштешине, мыйзам чегинен чыкпай, акыйкаттуу өлкө курууга умтулушуна так ушул эл өкүлдөрүнүн саны, болгондо да катары калың болгону таасир этээрин айрымдар биле беришпейт.
Саясатчы, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасынын экс-төрагасы Ишенбай Кадырбеков депутаттардын санын кыскартуу болбогон сөз деп эсептейт.
“Эмне себептен ушул кезге чейин “легендарлуу парламенттин убагында жакшы мыйзамдар кабыл алынган” деп айтып келишет. Анткени анда депутаттардын саны көп болгон. Ошол себептен жакшы мыйзамдар кабыл алынган. Канчалык депутат көп болсо, талашып-тартышып, жакшы мыйзамдар кабыл алынат. Мен убагында депутаттардын саны 35 болгондо да депутат болгом, 90 депутат болгондо да болдум. Аз болгондуктан, 18 депутат чогула калып эле туура эмес мыйзамдарды кабыл алып койгон учурлар болгон. Андыктан, бүгүнкү күнү 120 депутат аз. Мындан да көбөйтүп, тескерисинче, парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын азайтуу зарыл. Азыр депутаттар парламенттик аппаратта иштеген кызматкерлердин санын көбөйтүп алып эле мамлекетти ашыкча чыгымга учуратып жатат. Былтыр өкмөт 3 миңге жакын кызматкерлерди кыскартабыз деди эле, кыскарганын деле байкаган жокмун. Алар өкмөттөн кеткени менен башка структурага барып эле иштеп алышты”,- деди Ишенбай Кадырбеков.
Мындай демилге быйыл эле биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Төрт жыл мурда, 2015-жылы да бир уу-дуу болгон. Анда 120 депутаттын санын 95ке чейин кыскартуу зарылдыгы айтылган. Бирок, азыркыдай жарандык активист, коомчулук эмес, ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Курмантай Абдиев тарабынан сунушталган.
Депутат бюджеттин тартыштыгын эл өкүлдөрүнүн санын кыскартуудагы башкы себеп катары көрсөткөн. Депутат аз болсо, чыгым да азайып, бюджетке чоң жардам болоорун белгилеген Курмантай Абдиевдин сунушу парламенттештери тарабынан колдоо таппай калган эле.
Азыр деле депутаттар мындай демилгени колдошпойт. Спикер Дастанбек Жумабеков эл өкүлдөрүнүн санын кыскартууну эл менен мыйзам гана чече алаарын белгилейт.
“Ал үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизип, референдумга алып чыгыш керек. А менин жеке пикиримде Кыргызстанга 120 депутат көптүк кылбайт. 35 депутат болсо, алар баарын өздөрү чечип калышат. Мафияга айланып кетиши мүмкүн. 6 миллион калкы бар башка өлкөлөрдө деле биздегидей санда депутаттар иштешет”,- деди спикер.
Канчалык көп депутат болсо, ошончолук көп пикир жаралып, кайсы бир мыйзамды кабыл алууда талкуу да чоң болоору анык. Кызуу талкуу көп учурда туура эмес мыйзамдын кабыл алынышынан сактайт. Бирок, ошол эле учурда демилгечилер айтып жаткандай жүздөн ашык депутатты кармоо өлкө бюджетине чоң жүк. Балким, санды азайтуу менен эмес, артыкчылыктардан арылтып, ашыкча чыгашаларды кыскартуу менен мамлекеттик казынадан көп каражаттын кетишин ооздуктай алабыз?
Асель Жакшылыкова, Булак: “Майдан. kg” гезити