Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 169

Индия кинолорундагы жаратылыштын кооздугу Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат.

 

Өзүбүз анча баалабаган менен Кыргызстандын тоо-таштары менен сууларын көпчүлүк чет өлкөлүктөр бейиштин төрүндөй, мүрөктүн суусундай элестетишип, Меккеге зыярат кылгандай келип-кетишет. Алар керек болсо кино тартууга да даяр. Мындай ниетин Индиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри  Ош облусунун жетекчиси Узарбек  Жылкыбаев менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

 

Анын айтымында, Индия кинолорундагы жаратылыштын кооздугу Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат. Ал үчүн  кино жаратуучулары өтө көп суммадагы акча коротушат.

 

“Дал ошондой кооздук, жылдын төрт мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар. Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга жакшы өбөлгө болмок”,- деди элчи.

 

Мындан сырткары, Индия тарап табийгый тоо балы менен кыргыз жаңгагын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда, айтылган сунуштар боюнча кызматташуу боюнча конкреттүү кадамдар жасала турган болду.

 

Эми биздин тиешелүү жетекчилер адатынча кашаңдык кылып, ишти кагаз жүзүндө эле “бүтүрбөстөн”, индиялык киночуларды чакырып, кино тартуусуна шарт түзүп беришсе, алар ошол Батыш мамлекеттерине төлөгөн акчасын бизге эле берип, бюджетибизге аздыр-көптүр салым кошушат эле. Эң негизгиси, миллиондогон көрүүчүлөрү бар индия кинолору аркылуу кыргыз жеринин ажайып кооздугу даңкталмак. Бул деген туризм, акча, бизнес, экономика эмеспи.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити