Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов президент Владимир Путинге Ишеним грамотасын тапшырды.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын алдында сүйлөп жатып Орусия Президенти Владимир Путин буларга токтолду: - Кыргызстан менен мамилелер стратегиялык өнөктөш жана союздаш мүнөзгө гана ээ. Биздин өлкөлөр евразиялык интеграция процесстерине катышууда, мунун ичинде Евразиялык экономикалык союздун алкагында тыгыз өз ара байланышта, ЖККУ багыты боюнча эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыздоо маселелерин иштешүүдө. Март айында өткөн Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапар соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча кызматташуунун жаңы баскычтарын гана жаратты.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Булак: “Майдан. kg” гезити