Печать
Категория: ММКда эмне кеп?
Просмотров: 153

"Бийлик, мен баш болуп баардык мүмкүнчүлүктү аймактарды өнүктүрүүгө, сиздердин турмушту жакшыртууга жумшап жатабыз, дагы да жумшайбыз”.

 

“Кыргызстанбыздын ар бир облусу, ар бир аймагы, ар бир айылы үчүн күйөм. Бирок баткендиктер өзгөчө жүрөгүмдүн төрүндөсүңөр”,- деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

 

“Сиздер менен жолугушуп, көптөгөн маселелерди уктум, силер менен бирге аларга жооп алдым. Негизгиси - сиздер менен чер жазышып, баарлашып алдым. Бул мага чоң күч дем. Албетте, маселелер көп. Бирок, сиздердей дили таза, ою ак, эмгекчил элибиз аман болсо, жерибизде тынчтык болсо, ал маселенин баары чечилет. Бийлик, мен баш болуп баардык мүмкүнчүлүктү аймактарды өнүктүрүүгө, сиздердин турмушту жакшыртууга жумшап жатабыз, дагы да жумшайбыз”,- деди Сооронбай Жээнбеков.

 

Ал беш кол тең эмес, баары эле биз каалагандай иштебей, ишине, элине берилбегенин айтты: “Бирок, Кудайга шүгүр, мыкты уул-кыздарыбыз бар. Баарыбыз бир муштум болуп, Кыргызстаныбызды, аймактарды өнүктүрөбүз. Негизгиси - сиздердин ишеним, колдооңор. Географиялык жактан борбордон алыс, чек арага чектеш жайгашып башка облустарга караганда социалдык-экономикалык ынгайсыздыктарды көп көрөсүңөр. Көтөрүмдүүлүк менен мамиле кылуудасыңар. Баткенге ар бир келгенде, мен сиздерден кең пейилдикти көрүп, ыраазы болуп кайтам. Кандай маселе болсо да, Баткен менин жүрөгүмдө экенин унутпаңыздар!”.

 

***

 

“Чек аранын бекем болушу - ушул жерде жашаган элдин, сиздердин кайратыңыздар жана майтарылбас эркиңиздер менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй - бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз”,- деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

           

Мамлекет башчысы чек ара маселесин чечүү жеңил-желпи иш эмес экендигин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек арабыз дээрлик 85 пайызга такталгандыгын дагы эске салды.

 

- Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушуубуз тарыхый окуя болду. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен да бир топ жакшы сүйлөшүлөр абдан активдүү жүрүп жатат. Ушул тапта Исфара шаарында Кыргыз-Тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда. Менин Душанбеге жасаган расмий сапарымда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге, бир максатка келдик. Жакында ал Кыргызстанга сапар менен келет, сүйлөшүүлөр дагы уланат. Биз чек ара маселесин эч качан ачык бойдон таштап койбойбуз. Тажикстандын президенти дагы, мен дагы сүйлөшүүлөргө  ачыкпыз!- деди Сооронбай Жээнбеков.

 

Ал ошондой эле эртеби, кечпи бул маселе сөзсүз чечилээрин, бул үчүн убакыт, анан сабырдуулук гана керектигин эскертти. Анткени дээрлик 30 жылдан бери созулуп келе жаткан маселе убакытты талап кылат, дароо эле чечилбейт.

- Мен билем, такталбаган чек аранын айынан ар кандай чыр-чатактар орун алууда. Ошондуктан, чагымчылдарга алдырбай, “алыскы туугандан - жакынкы коңшу артык” дегендей, коңшу мамлекеттин жарандары менен ынтымакта болуу - ушул тапта өзгөчө маанилүү. Түбөлүктүү коңшулар менен ынтымакта, тыгыз карым-катнашта болгонго эч нерсе жетпейт. Коңшулар менен ичкен суубуз бир, базарыбыз, мазарыбыз, динибиз дагы бир!- деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

Ал чек арага жакын жашаган баткендиктерге мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгын дагы кошо билдирди. Бирок, ар кандай чагымдарга азгылырбай, ага жол бербестен, укук коргоо органдарына өз ишин аткарууга мүмкүндүк берүү керектигин дагы кыйытты. Мамлекет башчысы эске салгандай, Мекен сакчылыгында турган чек арачылардын эмгегин баса белгилеп, аларга татыктуу шарт түзүп берүү боюнча Баткен облусунда жаңы заставалар, посттор жана имараттар, чек ара инфраструктуралары жана турак үйлөр ишке берилди. Аскер кызматкерлери үчүн 24 батирлүү жана 90 батирлүү турак жайлар жана Ички иштер министрлигинин административдик имараты бүткөрүлдү. 2017-жылы “Миңбулак” чек ара заставасы жана “Чарбак” заставасында аскер кызматкерлери үчүн турак жай курулду. 2018-жылы “Газпром” чек ара заставасы иштей баштады.

 

2019-жылы “Достук”, “Орто-Боз” жана “Факел” (Ак-Турпак») чек ара заставасынын комплекси курулуп, пайдаланууга тапшырылды. Чек араны бекемдөө жаатында инженердик-техникалык иштер дагы ырааты менен жүрүп жатат. Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-жылы чыккан атайын токтомуна ылайык Баткен районундагы чек арага чектеш айылдарынын социалдык инфратүзүмүн ого бетер жакшыртуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштар дагы аткарылды.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити