“Өзөктөн чыккан өрт, өздөн чыккан жат жаман!”
“Өздөн чыккан жат жаман” демекчи, бир өлкөнүн жараны катары анын тузун татып, абасынан дем алган менен башка өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган адам “чет өлкөлүк агент” деп аталары баарыбызга маалым. Ошондуктан, ондогон өлкөлөрдө өкмөттүк эмес уюмдардын (НКО) – “чет өлкөлүк агенттердин” ишмердигине тыюу салынган же чектөөлөр киргизилген.
Мисалы, Россияда 2012-жылы Мамдума тарабынан кабыл алынган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, Россиянын аймагында мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө багытталган ишмердик, мамлекеттик органдардын чечим кабыл алуусуна таасир этүүчү саясий акцияларга катышуу, аталган максаттар үчүн коомчулуктун маанайын калыптандыруу (анын ичинде каржылоо аркылуу) менен алектенген, чет мамлкеттерден, эл аралык уюмдардан, чет элдик жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан каржы жана мүлк алган россиялык коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк агент статусуна ээ болушкан. Чет өлкөлүк агенттер Юстиция министрлигинде расмий катталуу менен ЖМКлардагы жана Интернеттеги бардык маалыматтарында өз статустарын көрсөтүүгө милдеттүү.
Россиянын мыйзамдары чет мамлекеттердин жана юридикалык жактардын, 30%дан ашык чет элдик үлүшү бар россиялык юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин, чет өлкөлүк жеке жактардын жардамы менен шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого тыюу салат.
2014-жылы президент Владимир Путин россиялык саясий партияларга чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк агенттин милдетин аткарган коомдук уюмдар, ошондой эле 30%дан ашык чет элдик катыштыгы бар россиялык юридикалык жактар менен алака-келишим түзүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгондугу маалым.
Россиянын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылы Россиянын аймагында чет өлкөлөрдөн 70 млрд рублдан ашык каржылоо алган 4108 коммерциялык эмес уюм ишмердик жүргүзгөн. Алардын 52си чет өлкөлүк агент катары катталган. 2017-жылы алардын саны 103кө жеткен.
Аталган мыйзамга карата айтылган сындар да арбын. Россиялык жана чет элдик коомчулуктун бир катар өкүлдөрү мыйзамга жарандык коомдун структураларына чабуул коюу, аларды куугунттукка алуу үчүн юридикалык жол ачуу катары баа беришкен. Маселен, британиялык The Economist жумалыгы “чет өлкөлүк агент” терминин колдонуу менен бийлик россиялык коомчулукта жарандык активдүүлүктү көзөмөлгө алууну көздөйт” деп жазган.
Мыйзам даярдалып жаткан учурда эле Бириккен Улуттар Уюмунда ал кызуу талкууга алынып, пикир айткандар өкмөттөр эл аралык жардамдарды алгандай эле жарандык коомдун уюмдары да чет өлкөлөрдөн каржы алууга укуктуу, ал эми чектөөлөр адилетсиздик деп чыгышкан. Ал эми Европарламент Россиянын бийликтерин мамлекеттик эмес уюмдарды “чет өлкөлүк агенттер” катары каттоого алууну токтотууга чакырган.
Ал эми мыйзамды колдогондордун пикиринде, аны америкалык FARA мыйзамынын (бул тууралуу төмөндө соз кылабыз) көчүрмөсү десе да болот. Демек, россиялык мыйзам эл аралык демократиялык эрежерге ылайык келет. Саясат таануучу, Коомдук палатанын мүчөсү, Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин проректору Сергей Марков: “Мыйзамдын максаты –өлкөдөгү саясатка чет мамлекеттердин таасир кыскартууну көздөйт. Россиялык мыйзам америкалык мыйзамга караганда кыйла жумшак. Ал эч нерсеге тыюу салбайт, бирок чет мамлкеттерден каржы алуу менен бир эле мезгилде саясатка аралашуунун максатын россиялык жарандарга билдирүүгө милдеттүү экендигин эске салат. Бул мыйзамга каршы чыгып жаткандар чет мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн бийликти басып алгылары же батыштан көбүрөөк акча алып тургулары келет”, - деп эң туура белгилеген.
2013-жылдын 2-апрелинде Президент Владимир Путин германиялык ARD телеканалына берген интервьюсунда Россиянын аймагында чет өлкөлөрдөн каржыланган 654 өкмөттүк эмес уюм иштеп жаткандыгын, мыйзам кабыл алынгандан кийинки төрт ай аралыгында ал уюмдардын эсебине чет жактан 28,3 млрд рубль каражат, анын ичинде 855 миллион рубль дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу түшкөндүгүн айткан.
Ал эми 2019-жылдын мартында кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштырууга, терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзгөн Федералдык финансылык мониторингдөө кызматынын (Росфинмониторинг) директору Юрий Чиханчхин Президент Путинге берген маалыматында коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлөрдөн 80 миллиард рубль каражат алгандыгын жана дагы деле каржылоо улантылып жаткандыгын билдирген. Айтымында, акчалардын баарысы жалаң эле жакшы максаттарга эмес, бузукулук аракеттерге да жумшалууда.
Эми жогоруда эскертилгендей америкалык мыйзам тууралуу да маалымат бере кетели. АКШда чет өлкөлүк агенттерди каттоо каралган тиешелүү мыйзам 1938-жылы кабыл алынган. Ал мыйзам америкалык саясатта чет өлкөлүк өкмөттөрдүн атынан аракеттеген чет өлкөлүк агенттерден, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардан өз ишмердиктерин жана каржылоо булактарын ачыктоону талап кылат. Азыр чет өлкөлүк жетекчиликтин буйругуна, өтүнүчүнө же алардын көзөмөлүндө аракеттенген жана чет өлкөлүк принципалдын кызыкчылыгы үчүн саясий ишмердик менен алектенген тарап (жеке же юридикалык) “чет өлкөлүк агент” деп эсептелет.
Саясий активдүүлүк катары АКШнын федералдык өкмөтүнүн позициясын же АКШнын ички жана тышкы саясатына, чет өлкөлүк өкмөттөрдүн же саясий партиялардын аракеттерине карата калктын каалаган катмарынын маанайын өзгөртүүгө багытталган ишмердикти түшүнүүгө болот. Мыйзамда диний, академиялык, илимий же көркөм мүнөздөгү ишмердик менен алектенген коомдук уюмдарга жана 80%ы америкалык жарандардын колундагы, чет өлкөлүк агенттер тарабынан көзөмөлдөнбөгөн жана жетекчилери америкалык жарандар болгон жалпыга маалымдоо каражаттарына гана талаптар жеңил.
Мыйзамдын аткарылышына АКШнын Юстиция министрлигинин улуттук коопсуздук бөлүмүнүн контрчалгындоо секциясындагы атайын кызматкерлер көзөмөл жүргүзөт. Бул мыйзамды бузган учурда 5 жылга чейин түрмөгө камалуу коркунучу бар.
Эске салсак, АКШ жана Россия сыяктуу эле Кыргызстанда “Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамды кабыл алууга 5 жыл мурда эле аракеттер жасалган. Ага каршы болгондор аны россиялык мыйзамдын көчүрмөсү деп чыгышкан. Ошентип мыйзам ара жолдо калганы белгилүү. Россиялыктар деле америкалык мыйзамга таянгандыгын моюндап жаткандан кийин Кыргызстан үчүн велосипед ойлоп тубуунун же акылдуу терминдерди издеп кыйналуунун зарылдыгы жок эле. Мыйзам Кыргызстанга абадай керек болуп тургандыгын өзү тастыктоодо. Эмне үчүн дегенде ар кандай өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан мамлекетибиздин ички жана тышкы сасатына кийлигишүү аракети жана аларды сырттан каржылоо күндөн-күнгө күч алууда.
Алмазбек Чаргынов, Булак: “13-квартал” гезити